Атырау — Казакстандын батышындагы шаар.
Атырау облусунун административдик борбору. Калкы 316 449 (2023).
Урал дарыясынын боюнда жайгашкан. 1640-жылы Яик дарыясынын (1775-жылдан Урал) чатында негизделген. Казактар «Уйшiк», орустар - Төмөнкү Яик таш шаарчасы деп аташкан. 1734-жылы Гурьев деп аталган. 1810-жылы чеп жоюлган. 1868-жылы Орусия империясынын Урал облусундагы, 1924-28-жылдары Урал губерниясындагы (ОСФСРдын курамындагы Кыргыз, 1925-жылдан Казак АССРиндеги) шаар. 1928-30-жылдары Гурьев округунун, 1932-38-жылдары Батыш Казакстан облусунун, 1938-жылдын 15-январынан Гурьев облусунун административдик борбору; 1992-жылдан Атырау. Университет, мунай жана газ институту, Казак драма театры (1938-жылдан) бар. Заводдору: нефть ажыратуу, химиялык (полимер материалдар өндүрүшү), курулуш материалдар, тамак-аш (анын ичинен балык иштетүү жана көбөйтүү).
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Атырау, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.