Англия-Афган согуштары - Улуу Британиянын Афганстанга каршы жүргүзгөн согуштары.
Биринчи Англия-Афган согушу (1838-42) англичандардын Афганстандагы Россиянын таасиринин жогорулашынан чочулоосунан улам келип чыккан. Улуу Британиянын Индияда жайгашкан аскерлери 1839-жылы Кандагар, Газни, Кабул шаарын ээлешип, эмир Дост Мухаммеддин ордуна англичандарды колдогон шах Шужу-аль Мулькту коюшат. Согуш жалпы элдик боштондук күрөшкө айланып, англичандардын жеңилүүсү менен аяктаган. 1842-жылы аягында англичандар Афганстандан чыгып кетүүгө аргасыз болушат.
Экинчи Англия-Афган согушу (1878-80) Англиянын Афганстандын тышкы саясатына көзөмөл орнотуусу жана Кабулда өз резидентин жайгаштыруусу менен жыйынтыкталган. Үчүнчү Англия-Афган согушунун (1919) башталышына Афган эмири Аманулла-хандын Британиялык Индияга кол салуусу шылтоо болуп, анын жыйынтыгы боюнча кол коюлган Равалпиндин келишимине ылайык, Улуу Британия Афганстандын толук көз каранды эместигин тааныган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Англия-Афган согуштары, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.