Жентек Той, Бала Көрүү

Ак бата менен көгөрүп биздин көшөгө, Ата-эне болдук, балдарга көрүп камылга.


Бактыгул Чотурова

Адам катарын дагы бир адамдын толукташы чоң кубаныч. Ошондуктан үй ээсинин чакырышын күтпөй эле бала төрөлөрү менен айыл-ападагылар бала көрүп келе башташкан. Баланы мурдунан чымчып өөп, аны алдына алып отурган кишиге (байбичеге, келинге, кызга) көрүндүк беришкен. Үй ээси карындагы майду бузуп, баланы оозанткан сары майды талканга аралаштырып келгендерге ооз тийгизген. Жээнтек тойго келгендер бата берип кайтышкан. Эгер жээнтекке мал союлса, мүлжүнгөн сөөктөрдү жерге көмүшкөн. Бул баланы сактоочу, коргоочу Умай энеге курмандык болуп эсептелген.
Жаш наристеге аяр мамиле жасашкан: салмагын айткан эмес, көп назар салышпаган, кийим-кечесин түндөсү эшикке калтырбаган, күзгүгө көргөзбөгөн. Кыргызда уулдун баласы небере, кыздын баласы жээн делет. Төрөгөн келиндин өз энеси жээнин көрүп келгенде кызына белдемчи тартуулаган. Белдемчи тоо-ташта жүргөн кыргыз келиндери төрөп-түшкөндөн кийин белин бекем бууп, жылуулукту, тазалыкты жана ден соолукту сактоодо зор өбөлгө болгон. (Белдемчинин ошондой эле той-тамашаларда кооздук үчүн да тартынышкан). Бала төрөлгөндөн кийин бир-эки күндүн ичинде туз татытылган суу менен киринтип, денесин тунгактан кетиришет. Бул - «арам сууга алуу» деп аталат.
Ал эми тун баласын төрөгөн келиндин эки өрүм чачынын учуна чач учтук тагып, элечек кийгизишкен.
Кыргыздар малдын ичинен төөнү дагы төрөдү деп айтып, төөнүн башына ак жоолук салып, жээнтек берген.

Адабият

  • Кадыров Ысмайыл. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. –Б.: 2011. – 208 б.

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

«Манасты» которууКокон көтөрүлүштөрүАбдырахман Кучак уулуАтоочтукТамак сиңирүүИшеналы АрабаевИлбирсТоктогул ГЭСиТүндүк Тянь-Шань рельефинин калыптанышы жана тектоникасыНоокат районуТоп жылдызКыргыз Республикасынын президенттериЭпосКыргызстандын географиясыТалас облусуСейтекОсмонбеков, АрстаналыМодал сөздөрЖөндөмө категориясыМейозМаркетингИсхак РаззаковУлуу Кыргыз ДөөлөтүКыргыз Ала-ТооӨлкөлөрдүн борбор шаарларынын тизмесиАрстанбапХимиялык булаларКанИчки Теңир-ТооНептунКурманбек эпосуЭлектр зарядыДмитрий ШостаковичИшкердикМанастын күмбөзүКонституцияАтомМамлекеттердин тизмесиТехнология«Кыргыз» этнонимиЖусуп МамайКызыл алма (тасма)Кыргызстандагы жылуулук режимиАнтонимАтом физикасыЖаз, жай, күз, кыш... жана жазТемпераментБорбордук нерв системасыКөбөйүүШүкүрбеков РайканЭхинококкозМүнөз (психология)«Манас» эпосунун жаралышы жана анын дооруКасымалы БаялиновОозул (стоматит)АлфавитБакайБиринчи дүйнөлүк согушКоруктарТопуракТабият кырсыктарыТабигый чөйрө, жаратылыш чөйрөсүАндыҮй-бүлөОрмон ханБилим берүү системасындагы инновациялык (жаңылануу) процесстериДан өсүмдүктөрүКоррупцияКлетка теориясыКвадратЫсык-Көл облусуХимиялык реакцияларКыргыз АССР Эл Комиссарлар Совети (ЭКС)Атакенин ак болотуКлетка🡆 More