Кандагар – Афганстандын түштүк-чыгышындагы шаар.
Кандагар вилаейетинин (административдик-айм. бирдик) административдик борбору. Аргандаб дарыясынын өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 1000 м бийикте, айланма автотрассанын жээгинде жайгашкан. Автомобиль жолу аркылуу Кветта шаары менен (Пакистан) байланышат. Калкы 347,3 миң (2008); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 2-шаар. Эл аралык аэропорту бар.
Александр Македонский мезгилинде негизделген. 1818–55-жылдары Кандагар княздыгынын борбору. 1855-жылдан Афганстандын курамында. Шаар 1979–81-жылдары Афган конфликтинде (1979–89) катуу жабыркаган. 1990-жылдын башынан «Талибан» кыймылынын негизги таяныч пункттарынын бири. Алтын жалатылган кумпалуу жана кооз мунаралуу Ахмад-шах Дуррани мавзолейи, жума намаз окулчу мечит, сепилдин калдыктары (Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкта) жана башка сакталган. Тамак-аш (жемиштер беленделет), текстиль (кездеме, кийиз, жибек, кыл торко) өнөр-жай ишканалары иштейт. Эң эски карапа чыгаруу өндүрүшү, жарым баалуу асыл таштардан, металлдан буюм жасоо, тор токуу жана сайма саюу (өзгөчө эркектердин көйнөгүнө жана моюн орогучка) өнүккөн. Кандагарга жакын Биздин заманга чейинки 5–4-миң жылдыктардагы тургун жайлардын калдыктары, Мундигак шаарынын урандысы, хан Мир-Вайса мавзолейи, Бабур салдырган аска бетиндеги тепкич жана портиктүү оюк (Чихиль-Зина) сакталган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кандагар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.