Аккөл полиметалл кени Нарын облусунун Жумгал районундагы Аккөл кыштагынан түштүк тарапта, Кабак тоосунун түндүк капталындагы Аккөл суусунун баш жагында.
Кен жергиликтүү элге илгертен белгилүү. 1936–37-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы аныкталган. Кен аймагы Ортожон антиклиналынын чегинде жайгашып, ордовик мезгилинин кумдугунан, сланецтеринен, карбондун конгломераттарынан турат. Антиклиналдык түзүлүштүн борбордук бөлүгү аркылуу Аккөл тектоникалык ири жаракасы өтөт. Руда ошол жаракадан кезигет. Кен негизинен кварц, кальцит, барит, галенит, сфалерит, халькопирит минералдарынан турган ичке тарамчалар, майда уячалар жана бүртүкчөлөрдөн түзүлгөн 11 руда тилкесинен турат. Алардын узундугу 10–120 м, калыңдыгы 1 мге чейин. Руда герцин металлогениялык доорунда гидротерм жолу менен пайда болгон. Кенден 1950–60-ж. коргошун казып алынып, киреше бербегендиктен токтотулган.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Аккөл полиметалл кени, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.