Адам-ата жана Обо-эне жөнүндө - диний түшүнүк боюнча Кудай жараткан эң алгачкы пенделер, адамзаттын атасы жана энеси.
Диний аңыз боюнча Кудай адегенде күн менен түндү, ай-ааламды, жерди, өсүмдүктөр менен жаныбарлар дүйнөсүн, андан соң топурактан жууруп, адамды жаратып, анын таноосуна дем үйлөп, жан киргизип, ага булардын бардыгынан ыракат алып жашап, аларга бийлик кылууну тапшырат. Адам атаны бул да ыраазы кылбаган соң, аны уктатып коюп, кабыргасынан сөгүп, Обо энени жаратат. Ал экөө бейиште жашап жүрүп, жылан болуп кубулган шайтандын тилине кирип, Кудайдын жебегиле деген алмасын үзүп жеп коюшуп, анын каарына калып жерге куулушат. Ошондон баштап, түйшүк тартып, эмгек менен күн көрүп калышкан делет. Хам, Сим, Яфет деген балдары болот. Алар эр жетип, ар кимиси ар түрдүү эмгектин түрүн аткарат. Бир ирет Кудай алардан өзүңөрдүн эмгегиңерден тартуу алып келгиле деп суранат. Дыйканчылык кылган Хамдын алып келгендерине анча көңүл бурбай, мал баккан Симдин алып келгендерин мактап койгондугуна ичи тарып, Хам Симди өлтүрүп салат. Бир ата, бир энеден тараган адам тукумунда ар кандай пенделик сапаттардын калыптанышы тууралуу олуттуу ойго түрткөн бул диний сюжет алиге окурмандарды бушайман кылып, көптөгөн талаш-тартыштын чордону болуп келет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Адам-ата жана Обо-эне жөнүндө, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.