Абхазия

Абхазия, Абхазия Республикасы (абх.

Кара Деңиздин чыгыш жээгинде, Грузиянын түндүк-батышында Чоң Кауказ тоолорунун түштүгүндө жайгашкан.

Абхазия Республикасы
абх. Аԥсны Аҳәынҭқарра
АбхазияАбхазия Грузиянын чек аралары менен.
Туу
Туусу
Герб
герби
Абалы

таанылбаган мамлекет

Борбору

Абхазия Сухум

Расмий тили

Абхаз тилиОрус тили

Колдонулган тилдер

Мингрел тили • Сван тили • Армян тили

Улуттук курамы

Абхаздар 50.7% • Грузиндер 17.9% • Армяндар 17.4 •

Демоними

Абхазиялыктар

Өкмөтү

Президенттик Республика

Президент

Аслан Бжания

Мыйзамы

Абхазия Республикасынын Элдик Ассамблеясы

Кыскача тарыхы
Советтик Социалисттик Абхазия Республикасы

31 Март 1921

Абхазия Автоном Советтик Социалисттик Республикасы

19 Февраль 1931

Суверенитет жарыяланды

15 Август 1990

Эгемендүүлүк жарыяланды

13 Июль 1992

Аянты
Жалпы

8,665 км2

• Жер аянты

8.650 км2

• Суу аянты (%)

4%

Популяция
Каттоо (2016)

243 564

Жыштыгы

28.9/км2

ИДӨ

31.4 млрд₽

ИДӨ Жанга

128.203₽

Акча бирдиги

Абхаздык апсар, Рубль

Идентификация
Автоунаа коду

ABH

abkhazia.ru

Абхазиянын курамында 5 административдик район, 7 шаар, 4 шаарча бар. Калкынын көпчүлүк бөлүгүн абхаздар түзөт, ошондой эле армян, орус жана башка улут өкүлдөрү да жашайт. Шаар калкы 48%. Ири шаарлары: Сухуми, Ткварчели, Гагра, Очамчира, Гудаута, Гали. Аймагынын басымдуу бөлүгүн Башкы Кавказ кырка тоосунун тармактары ээлейт. Түштүк-батышын Кара деңиз чулгайт. Түштүк-чыгышында Колхида ойдуңунун ичке тилкеси созулуп жатат. Климаты ойдуңдарында жана тоо этектеринде жылуу, нымдуу субтропиктик, тоолордо нымдуу, мелүүн жана суук. Январдын орточо температурасы жээк тилкесинде 4-7°С, тоолорунда 2ден -2°Сге чейин, июлдуку 22-24°С жана 16-18°С. Жылдык жаан-чачыны [[1]] мм. Ири дарыялары: Кодори, Бзыбь. Көлү Рица. Ойдуңдары жана адырлары күл, кызыл, сары, тоолору күрөң, чымкөңдүү шалбаа топурактуу. Аймагынын 55%ин токой ээлейт, деңиз жээктеринде субтропиктик өсүмдүктөр өсөт. Рица, Пицунда Мюссерск коруктары уюшулган.

Тарых

Абхазиянын аймагына адамдар төмөнкү палеолит доорунда отурукташа баштаган. Биздин заманга чейин 1-миң жылдыктын аягында Абхазиянын аймагын мекендеген көптөгөн уруулар жөнүндөгү алгачкы маалыматтар жазма эстеликтерде (Страбон жана башка) эскериле баштайт. Биздин заманга чейин 6-кылымда Абхазиянын жээктеринде грек колониялары Диоскурия (азыркы Сухум), Питиунт жана башкалар пайда болгон. Биздин заманга чейин 2-кдын аягында Абхазия понтий падышасы Митридат VI Евпатордун, биздин заманга чейин 65-жылдан римдиктердин көзөмөлүнө өтүп, Себастопол (Сухуми), Питиунт (Пицунда) чептери курулган. Биздин заманга чейин 1-кылымдын аягында Абхазиянын аймагында жергиликтүү апсил, абазг жана саниг уруу бирикмелери калыптанган. 6-кылымда христиан дини расмий дин катары кабыл алынып, чиркөөлөр курула баштаган. 6-кылымдын ортосунан бүткүл Батыш Кавказ Византиянын көзөмөлүнө өткөн.

Абхазия 
Византия империясы, 814чү жыл.

8-кылымдын 80-жылында Абхазиянын башкаруучусу Леон II өлкөнү Византиянын бийлигинен куткарып, борбору алгач Анакопия, кийин Кутаиси болгон Абхаз падышачылыгын негиздейт.

Абхазия 
Абхаз падышачылыгы, 880чи жыл.

10-кылымдын аягы 15-кылымда Абхазия Грузин падышачылыгынын курамына кирген. 16-кылымда Абхазия өзалдынча княздык болуп бөлүнүп чыккан, бирок көп узабай түрктөр тарабынан каратылат. Сухумкале чеби түрктөрдүн Абхазиядагы таяныч чебине айланган. 17-18-кылымдарда Абхазия Осмон империясынын вассалына айланган соң ислам динин таратуу аракеттери күч алган. 18-19-кылымдын башында жергиликтүү элдер бир нече жолу (1725, 1728, 1733, 1771, 1806) Осмон бийлигине каршы көтөрүлүшкө чыккан. 1810-ж. Абхазия Россияга каратылган. 1862-ж. абхаз алфавити түзүлгөн. 1864-жылдан Абхазия түздөн-түз россиялык башкарууга өтүп, княздык «Сухумилик аскер бөлүмүнө» айландырылган. 1921-ж. 4-мартта совет бийлиги орнотулуп, Абхаз ССРинин түзүлгөндүгү жарыяланат. 1922-ж. Абхазия Грузин ССРинин курамында ЗСФСРге, 1922-ж. 30-декабрында ЗСФСРдин курамында СССРге кирген. 1925-ж. 1-апрелде биринчи Конституциясы кабыл алынган. 1931-жылдын февралынан Абхазия автономиялуу республика катары Грузин ССРинин курамында келген. 1989-ж. башталган грузин-абхаз чатагы 1992-94-ж. согуштук аракеттерге алып келген. 1994-ж. Абхазияга КМШ өлкөлөрүнүн тынчтыкты орнотуу күчтөрү, негизинен россиялык аскерлер киргизилет. Согуштук аракеттер токтотулгандыгына карабастан, бүгүнкү күнгө чейин Абхазиянын статусу жана анын Грузия менен мамилелери жөнгө салынбастан калып келет.

Тамак-аш (чай, тамеки, шарап, консерва жана башка), жеңил (булгаары-бут кийим, жибек кездеме өндүрүшү), жыгаччылык, машине куруу өнөржайы, курулуш материалдар өндүрүшү бар. Таш көмүр казылып алынат. Ткварчели ГРЭСи, Сухуми ГЭСи иштейт. Чай, тамеки, цитрус, эфир-май өсүмдүктөрү, тунг, мөмө-жемиш өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк өнүккөн. Жүгөрү айдалат. Башкы порту Сухуми. Курорттору: Сухуми, Гагра, Пицунда, Жаңы Афон, Гудаута.

Колдонулган адабияттар

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1

Tags:

Абхаз тилиГрузияКавказКара деңизТүштүк Кавказ

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Кыргыз Республикасынын БаатырыКонституцияКыргыздын элдик музыкалык аспаптарыТүргөш кагандыгыНеологизмдер«Көкөтөйдүн ашы»Турусбеков ЖусупЖер-суу реформасыКараханийлер кагандыгыЛатын АмерикасыДем алуу системасыЭпикалык текМанасОш мамлекеттик университетиКош сөздөрТик бурчтукДиалогСанат-насыят ырларыРуханий маданиятЭки жүз сомАйлардын кыргызча аталышыКыргыз сомуЖыл мезгилдериИнституттарТилСынган кылычТөлөгөн КасымбековИбраев, ЭсенгулМуктар АуэзовПишпек чеби үчүн салгылашууАжар (повесть)Риторика.Риторика илими.КанМоральБириккен Улуттар УюмуБир тутумдуу сүйлөмКөкө уулу ЖеңижокАлай районуШүкүрбеков РайканМен жана милицияЫсык-Көл облусунун табиятыУлуу Кыргыз ДөөлөтүМекенчилдикБайтик баатырТолубай сынчыЭгемендүү Кыргыз РеспубликасыАлмамбетСүймөнкул ЧокморовЭлектр тогуКамчыбек Шераалы уулуТүгөлбай СыдыкбековПланетаБаш мүчөМанастын күмбөзүЧүй өрөөнүЭкологияИч көбүү (метеоризм)Сууну тазалооСулайман-ТооУзак жолМанастын туулганыКара-Кулжа районуЖалал-АбадХимиялык булаларМиң сомГаздардагы электр разрядыВолейболПлутонФизикалык чоңдуктардын бирдиктериМайрамдарАстрономияТаш-РабатЖалал-Абад облусуЧыйырдыБишкек чебиСан атоочБилим берүүнүн мамлекеттик стандартыКыргыз Республикасынын улуттук китепканасы🡆 More