АКШ киноактерлор гилдиясынын сыйлыгы (англ.
Бир колунда күлүп турган масканы башка колунда муңдуу масканы кармап турган "Актер" аталышындагы жылаңач эркек сымбатту статуэтка сыйлык тапшыруу учурда тапшырылат. Катуу колодон куюлган статуэтканын бийиктиги 41 см, көлөмү 5,4 килограммдан жогору, аны Бербанктагы (Калифорния) American Fine Arts Foundry куюучу цехи жасап чыгарат.
SAG сыйлыгы 1995-жылдан бери Голливудтагы эң ири сыйлык тапшыруу аземдеринин бири болуп саналат. Сыйлыктын номинациялары эки комитеттен келет: бири тасма үчүн, башкасы телекөрсөтүү үчүн, ар бирөөсүнүн мүчөлүгүндө 2100 адам бар, жеңүүчүлөрдү тандаган комитеттин курамы жыл сайын өзгөрүлүп турат (165000 адам - 2012-жылы). Бул сыйлык Оскар сыйлыгынын ийгилик көрсөткүчү болуп саналат. Сыйлыктын тапшыруу аземи 1998-жылдан 2007-жылга чейин TNT каналында көрсөтүлгөн, 2007-жылдан тартып TBS каналында көрсөтүлөт.
SAG сыйлыгынын кирүү аземи 1995-жылдын 25-февралында Universal Studios компаниясына таандык болгон Stage 12 үндү жаздыруу павильонунан берилген. Экинчи SAG сыйлыгы Santa Monica Civic Auditorium залында өткөн, кийинки сылыктар Shrine Exposition Center аудиториясындан тапшырылган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article АКШ киноактерлор гилдиясынын сыйлыгы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.