Мотоцикл (мото...
жана гр. keklos – дөңгөлөк) – жумуш аткаруучу көлөмү 49,8 см3дан ашык болгон ичинен күймө кыймылдаткыч менен жабдылган эки же үч дөңгөлөктүү транспорттук каражат (адатта карбюратордуу, эки же төрт тактылуу, кубаттуулугу 75 кВтка чейин). Ылдамдыгы 215 км/ска жетет. 100 кмге 5,8 л май чыгымдайт. Арналышына жараша транспорттук, спорттук жана атайын болуп бөлүнөт. Транспорттук мотоциклдер өлчөмү жана массасы кичине, манёвр жасоого ылайыктуу, тейлөө оңой болот. Спорттук мотоцикл менен чоң ылдамдыкта жана өтө татаал жолдордо жүрөт. Атайын мотоциклдерге патрулдук, эскорттук, соода жана башка мотоциклдер кирет. Ошондой эле көлөмү жана конструкциясы боюнча да айырмаланат, мисалы, мопеддер, мокики (кичине өлчөмдүү кыймылдаткычтуу), мотороллер. Мотоциклдердин классикалык, круизер, турер, кросс үчүн, эндуро, чоппер жана башка түрлөрү бар.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Мотоцикл, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.