Убакытка саякат (англ. A Wrinkle in Time) — америкалык жазуучу Мадлен Л’Энглдин илимий фэнтези романы.
Биринчи жолу 1962-жылы басылып чыгарылган, ал эми 1979-жылы Лео жана Дайан Диллондун иллюстрациялары менен жарык көргөн. Китеп Нүбери медалын, Секоя китеп сыйлыгын, Лүис Кэрролл Шелф сыйлыгын утуп алып, жана Ханс Кристиан Андерсен сыйлыгында 2-орунга ээ болгон. Бул Л’Энглдин Мурри жана О'Кифи үй-бүлөлөрүн сүрөттөгөн "Тайм Квинтет" сериясындагы биринчи китеп болуп эсептелет. Китептин негизинде окшош аталыштагы тасма 2003-жылы тартылган. "Убакытка саякат" деп аталган дагы бир тасма учурда тартылып жатат, анын жарыкка чыгышы 2018-жылдын апрель айында мерчемделген. Ошондой эле ал опера, графикалык роман менен бир нече спектаклдерге негиз болуп берген.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Убакытка саякат, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.