Рахманинов Сергей Васильевич – орус композитору, пианист, дирижёр.
3 (1. 4). 1873, Новгород губерниясы, Семенов кыштагы – 28. 3. 1943, АКШ, Калифорния штаты, Беверли-Хилз, сөөгү Нью-Йоркко жакын Валхаллга коюлган] – орус композитору, пианист, дирижёр. 1882-жылы Петербург консерваториясын, 1891-жылы фортепьяно классын, 1892-жылы композиция классын (чоң алтын медаль менен) бүткөн. «Алеко» операсы – дипломдук иши. 90-жылдарда жазган көрүнүктүү чыгармалары: «Пьеса-фантазиялар», «Музыкалык моменттер» (1896), оркестр үчүн «Цыган темаларына каприччио» (1894), 1-симфония (1895), 20дан ашуун романс ж. б. 1897–1906-жылдары Чоң театрдын дирижёру. 1900-жылы пианист жана дирижёр катары Россияда жана чет өлкөдө концерт берген. 2-симфониясын (1907), фортепьяно жана оркестр үчүн 2-жана 3-концертин (1901, 1909), «Өлүктөр аралы» симфониялык поэмасын (1902), «Сараң рыцарь» жана «Франческа да Римини» операларын (экөө тең 1904), сонаталар, 23 прелюдия, 17 этюд картина жазган. 1918-жылдан АКШда жашап, негизинен концерттик ишин уланткан. 1941–42-жылдары концерттен түшкөн каражатын советтик Армияга берип турган. Рахманинов – 19–20-кылымдын эң көрүнүктүү композиторлорунун бири. Анын музыкасына обондуулук, гармониялык өзгөчө ыргак, улуттук форманын дааналыгы жана романтикалык пафос мүнөздүү. Ал чебер пианист жана өз мезгилинин көрүнүктүү опера жана симфония дирижёру болгон.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Сергей Рахманинов, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.