Сарбанов Кытайбек (1939-ж.
т., Тоң району, Бөкөнбаев айлы) — архитектор. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген архитектору (1980).
1964-ж. Москвадагы архитектура институтун бүтүргөн.
1964-жылдан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик курулуш институтунун улук архитектору, долбоорлоонун башкы архитектору, 1971-жылдан Ысык-Көл облусунда башкы архитектор, 1973—76-ж. Мамлекеттик курулуш институтунда башкы архитектор, 1976-жылдан «Фрунзе шаардык долбоорлоо» институтунда башкы архитектор.
1984-жылдан Бишкек политехника институтунда доцент, 1985—87-ж. архитектура факультетинин деканы.
1992-жылдан Кыргыз архитектура-курулуш институтундагы өнөр жай жана граждандык имараттардын архитектурасы кафедрасында доцент.
Сарбанов шаар куруу жана айыл жеринин архитектурасы боюнча көптөгөн эмгектердйн автору.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Сарбанов, Кытайбек, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.