Орозо айт / Ид аль-Фитр (араб.
Орозо аяктагандан кийин өткөрүлөт. Жылына рамадан айында 12 жаштан жогорку мусулмандар 30 күн орозо кармоого парс делинет. Орозонун акыркы күнү «айбашы» аталып, ар бир үйдө боорсок бышырылып, арбактарга куран түшүрүлүп, кайыр-садага берилет. Эртеси орозо айт майрамы башталат. Күн жаңы чыкканда эркектер жакшы кийим кийип, атка минишип, эркек балдарын да жасалгалуу кунан-тайларга мингизип алышып, айт намазга жыгылганы барышат; кыбыла тарапты карап намаз окушат. Намазга келгендер «намаз акы» деп акча ташташат. Намаздан кийин жаш өзгөчөлүгүнө жараша (чалдар, кемпирлер, аялдар, эркектер, келин-кыздар, балдар) топ-топко бөлүнүп алышып, кыдырата үйлөргө кирип айтташат; ар бир үйдөн даам ооз тийишип, өлгөндөргө куран түшүрүшөт.
Орозо айт Ид аль-Фитр араб. عيد الفطر | |
---|---|
Түрү | Исламдык |
Мааниси | Ыйык «Рамазан» айынын аякташы |
Белгилешет | мусулмандар |
Майрамдоо | Мечтитте |
Салты | мечитте ибадат кылуу, ифтар, куран окуу, садака кылуу. |
Байланышы | Ыйык «Рамазан» айынын аякташы |
Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Орозо айт, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.