Наполеон III, Шарль Луи Наполеон Бонапарт (20.
4. 1808, Париж - 9. 1. 1873, Лондонго жакын жерде, Чизлхёрст) - француз императору (1852-1870). Наполеон Iнин иниси - Луи Бонапарттын уулу. 1815-жылдан сүргүндө болгон. 1836-жылы (Страсбургда) жана 1840-жылы (Булондо) көтөрүлүш чыгарып, Франциядагы бийликти тартып алууга аракет жасаган. 1840-жылы өмүр бою Гам чебиндеги түрмөгө кесилген. Андан 1846-жылы качып чыгып, Улуу Британияга кеткен. Франциядагы Февраль революциясынан кийин келип, Республикасынын президенттигине шайланууга (1848) жетишкен. 1851-жылы 2-декабрда аскер күчтөрүнүн жардамы менен мамлекеттик төңкөрүш жасап, 1852-жылы 2-декабрда өзүн император деп жарыялаган. Наполеон III башкарган 2-империя (1852-1870) режими бонапартизмдин типтүү көрүнүшү болгон. Наполеон III нүн өкмөтү ири буржуазиянын мүдөөсүнө төп келген көп согуштар жүргүзгөн. Анын тушунда Франция Крым согушуна (1853-1856), Австрияга каршы согушка (1859), Инди-Кытай (1858-1862), Кытай (1856-1858 жана 1860), Сирия (1860-1861), Мексика (1862-1867) жана башка өлкөлөргө каршы интервенцияларга катышкан. Франция-Пруссия согушунун убагында (1870-1871) Наполеон III Седандын жанында (1870) туткундалып, Париждеги революциянын убагында 1870-жылы 4-сентябрда тактыдан түшкөн. 1871-жылы Франкфурт тынчтыгына кол коюлгандан кийин туткундан бошотулуп, өмүрүнүн аягына чейин Улуу Британияда жашаган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Наполеон III, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.