Зодиак

Зодиак «айбандар тегереги» деген сөздү түшүндүрөт.

Ортосунда эклиптика турган, жазылыгы 8° асман сферасынын алкагы.

Зодиак
Зодиак «айбандар тегереги»
Зодиак
Дендер зодиагы: 12 белги жана 36 декан

Зодиак топ жылдыздар

Күн топ жылдыздарды аралап, бир жыл ичинде асман сферасындагы чоң тегерек эклиптика бонча өтөт. Күн басып өткөн 12 топ жылдыз зодиак топ жылдыздары деп аталат жана зодиак алкагы деп аталуучу алкакта жатат. Чындыгында эле топ жылдыздардын көбү айбандардын аты менен аталган.
Март айында Күн Балык топ жылдызында болот. Бул топ жылдызда жазгы күн-түн теңелүү чекити жайгашкан, ал аркылуу Күн түштүк жарым шардан түнкө өтөт.
Апрелде Күн Кой топ жылдызына келет. Эки миң жылча мурун жазгы күн-түн теңелүү чекити ушул топ жылдызда болгон, прецессиянын себеби менен ал Балыкка которулган.
Май айында Күн Букачар топ жылдызына токтолот. Бул топ жылдыздын жүзгө жакынын куралсыз көз менен көрүүгө болот, алардын эң жарыгы – Альдебаран – кызыл алп жылды Зодиак Үркөр чачыранды жылдыз чогулмасы да даана көрүнөт.
1054-ж. Букачар топ жылдызында өтө жаңы жылдыз жарк эткен, азыр анын ордунда Краб сымал тумандуулук бар. Июнда Күн Эгиздер топ жылдызына келет. Анын эң эле жарык жылдыздары – Поллукс менен Кастор. Бул топ жылдызга жайкы күн токтолуу чекити туура келет.
Июлда Күн Суу чаян топ жылдызында болот. Мында жарык жылдыздар жок.
Болжол менен 20-августта Күн Арстан топ жылдызына өтөт. Мында бир нече ондогон жарык жылдыздар бар, алардын эң жаркырактары – Регул жана Денебола.
Сентябрь Күн – Бийкеч топ жылдызына келет, анын эң жарык жылдызы – Спика. Бийкеч топ жылдызында күзгү күн-түн теңелүү чекити жайгашкан жана алгачкы квазарлардын бири ачылган.
Октябрь Күн Тараза топ жылдызына келет, мында үч гана жылдызды куралсыз көрүүгө болот.
Ноябрь Күн Чаян топ жылдызынан өтөт. Бул топ жылдыздын эң жарык жылдызы – кызгылт Антарес. Дагы бир кызык жылдыз – Чаян, анын жарыктануусу Күндүкүнөн 400 000 эсе чоң.
Декабрь Күн Жаачы топ жылдызында болот. Ушул топ жылдыздын багытында биздин Галактиканын борбору жайгашкан. Кышкы күн токтолуу чекити да ушунда.
Январь Күн Текечер топ жылдызында болот, мында жарык жылдыздар жок.
Февраль Күн Суу Куйгуч топ жылдызына келет.

Зодиак жарыгы

Зодиак жарыгы – эклиптиканы бойлото созулган жана жылдыздуу асмандын батышында (кеч киргендеги) же чыгышында (таң алдындагы) байкалуучу начар жаркыроо.
Жаркыроо Күндүн айланасындагы чаң бөлүкчөлөрүндө Күн нурунун чачырашы менен түшүндүрүлөт. Зодиак жарыгы горизонтту карай кеңейип, конус түрүн алат. Горизонттон алыстаган сайын ал конус түрүндөгү жарык начарлап, бара-бара зодиак алкагына өтөт. Начар жаркыраган алкактын кеңдиги 10°ка жакын болуп, түнкү асмандын көрүнүшүнөн араң ажыратылат.
Зодиак жарыгын изилдөөдө планеталар аралык мейкиндикте чаңдуу заттардын бөлүнүшү жана алардын чогул-малары жөнүндөгү маалыматтар алынат. Зодиак жарыгы фотометр, спектрдик өлчөөлөрүнүн жардамы менен изилденет. Зодиак жарыгы үйрөнүү үчүн Жердин жасалма жандоочусу менен байкоонун мааниси зор, анткени бул учурда Жер атмосферасы изилдөөнүн натыйжасына таасирин тийгизбейт.

Зодиак сүрөттөрү

Символу Латынча Кыргызча Грекче Дата Сүрөттөрү
1 ♈︎ ♈️ Aries Кой Κριός/Kriós 21.03-20.04 Зодиак 
2 ♉︎ ♉️ Taurus Букачар Ταῦρος/Tauros 21.04-21.05 Зодиак 
3 ♊︎ ♊️ Gemini Эгиздер Δίδυμοι/Didymoe 22.05-21.06 Зодиак 
4 ♋︎ ♋️ Cancer Суу чаян Καρκῖνος/Karkinos 22.06-22.07 Зодиак 
5 ♌︎ ♌️ Leo Арстан Λέων/Léōn 23.07-23.08 Зодиак 
6 ♍︎ ♍️ Virgo Бийкеч Παρθένος/Parthénos 24.08-23.09 Зодиак 
7 ♎︎ ♎️ Libra Тараза Ζυγός/Zygós 24.09-23.10 Зодиак 
8 ♏︎ ♏️ Scorpio Чаян Σκoρπιός/Skorpiós 24.10-22.11 Зодиак 
9 ♐︎ ♐️ Sagittarius Жаачы Τοξότης/Toxótēs 23.11-21.12 Зодиак 
10 ♑︎ ♑️ Capricorn Текечер Αἰγόκερως/Aegókerōs 22.12-20.01 Зодиак 
11 ♒︎ ♒️ Aquarius Суу куйгуч Ὑδροχόος/Hydrokhóos 21.01-18.02 Зодиак 
12 ♓︎ ♓️ Pisces Балык Ἰχθύες/Ιgthues 19.02-20.03 Зодиак 

Эскертүүлөрү

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
  • Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов
  • Знаки зодиака

Tags:

Зодиак топ жылдыздарЗодиак жарыгыЗодиак сүрөттөрүЗодиак ЭскертүүлөрүЗодиакЭклиптика

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Токтогул ырчыБарсбек каганАвтомобильЖүлүнЭхинококкозКислотаАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичКыргыз мөңгүлөрүРадиоактивдүүлүкКиринди сүйлөмДен соолукАйЭпистолярдык формаАнтон МакаренкоСак уруусуЫбырайым Абдыракман уулуКырк чороКыргыз киносуАаламЖемиштерСөз байланышы“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясыКомпьютердик тармакТоталитардык (төбөлдүк)Эркектердин улуттук баш кийимдериӨсүмдүкЧубак (баатыр)АңгемеОрто АзияАнатомияЗаманачы акындарЖибекТоктогул СатылгановМанасчыПётр Ильич ЧайковскийМиграцияДраматургияМакалаТамак сиңирүүКошойСүмөлөкКүндөрдүн аталышыӨтмө мааниОрозов КарамолдоАпрель революциясыДыйканчылыкКумурскаСоветтер Союзунун баатырларыАнжиян 19-кылымТерроризмБаланын укуктары жөнүндө конвенцияГепатитХронологияМолдо НиязЖарыктын поляризациясы (ЖП)ФонетикаБиологияКитепАдминистративдик укукЛандшафтI Will Always Love YouГормонҮндөштүкБ.Жакиевдин Атанын тагдыры драмасыНерв системасыИрландияНаймандарАйыл чарбаКыргыз адабиятыНарынБайламтаБоордун циррозуАлгачкы коомКомпьютерЖер-суу реформасыБиоценозСуу Чечек🡆 More