Балыктар (лат.
Pisces) — сууда жашоочу омурткалуу жаныбарлардын чоң классы. Дене узундугу 1 см ден 20 м ге чейин, кээде салмагы 1 кг дан 12-14 тоннага жетет. Көкүрөк жуп сүзгүчтөрү курсак жана жупсуз жон, куйрук жана куйрук астындагы сүзгүч канаттары Балыктарды башка омурткалуу жаныбарлардан айырмалап турат. Алар торпедо, цилиндр, жалпак, тасма, тегерек, ай сымал болот. Бири биринен чондугу, түсү, формасы, түзүлүшү, физиологиясы менен айырмаланат. Балыктардын түзүлүш өзгөчөлүгү, органдарынын функциясы, суудагы жашоо шартына, экологиясына байланыштуу. Скелети омуртка тутуму, баш жана сүзгүч канат сөөктөрүнөн турат. Бакалоорлору, кээ бирлери (кош демалуучулар) кошумча өпкөсү менен дем алат. Сууда эриген кычкылтек бакалоор желбирекчелеринен өтүп, денеге таралат. Скелети кемирчектүү же сөөктүү, баш мээси жөнөкөй, көрүү, жыт жана даам сезүү органдары, жаак аппараты жакшы өөрчүгөн, толкун кыймылдарын каптал сызыктары аркылуу туят. Көпчүлүк балыктардын сүзүү баштыкчалары гидростатикалык, кээде үн чыгаруу кызматын аткарат. Балыктар кемирчектүү жана кылкандуу деп 2 класска ажыратылат. 20 миңден ашык түрү бар. Азыктануусу боюнча планктонофагдар, бентофагдар, фитофагдар, детритофагдар, жырткычтар болуп бөлүнөт. Уругун сууга таштап көбөйөт, кээ бири (көпчүлүк акулалар, гамбузия, аквариум балыктары) тирүү тууйт. Жашоо узактыгы 1-2 жылдан (айрым кыска мөөнөттө жетилүүчүлөрү), 100 жылга чейин (белугалар ж. б.). Алар бийик тоо сууларынан, океандын эң терең жерине чейин кездешет. 2500 түрү бар, алардын 36 түрү Кыргызстанда кездешет. Балыктардын эл чарбасында мааниси чоң, адамга керек белок заттын негизги булагынын бири. Эти, икрасы, майы, сөөгү да өтө баалуу. Кийинки жылдарда промыселдик балыктардын саны азаюуда. Алардын санын калыбына келтирүү максатында мамлекеттик деңгээлде чаралар көрүлүп, мыйзамдар кабыл алынууда. Балыктардын 194 түрү ТКЭСтин кызыл китебине катталган. (Сүрөтү 61-бетте).
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Балык, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.