Жыныс - организмдин жыныстык көбөйүүсүн камсыз кылуучу генетикалык жана морфолиялогиялык-физиолиялык өзгөчөлүктөрүнүн жыйындысы.
Мында аталык жана энелик жыныс клетка гаметалар кошулуп, зиготаны пайда кылат, андан жаңы организм өрчүйт. Зиготада аталык жана энелик гаметалардын 2 гаплоиддүү хромосома жыйындысы биригет. Жаңы организмдин жыныс клеткасында аталык жана энелик хромосомалардын гаплоиддүү жыйындысы пайда болот. Жыныстык көбөйүү көбүнчө жаныбарларда жана татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдө болот. Бир клеткалуу организмдерде жыныс анча жиктелбеген. Көп клеткалуу диплоиддүү организмдерде атайын гаплоиддүү жыныс клеткалары (энелик жыныста аз кыймылдуу же кыймылсыз; эркек жыныста майда жана кыймылдуу) пайда болот. Көпчүлүк жаныбарларда эркек, ургаачысы айырмаланып турат. Алар бир катар морфологиялык жана физиолиялык белгилери, ошондой эле жыныстык жүрүм-туруму менен айырмаланат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жыныс, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.