Девианттуу жүрүм-турум – коомдо кабыл алынган укуктук же адеп-ахлактык нормаларга каршы келген кылмыш же мыйзам тарабынан жазаланбай турган жүрүм-турум сыяктуу
Девианттуу(нормалардан четтеген, бузулган) жүрүм-турумду изилдеген окууларда негизги көңүл анын мотивдери, себептери менен шарттары, аны алдын алуу жана жөнгө салуу маселелерине бурулат. Кылмыш Девианттуу жүрүм-турум катары психологиялык изилдөөлөрдү пайдалануу менен криминология илими тарабынан иликтенет. Укуктук жазаланбай турган Девианттуу жүрүм-турум да адепсиз иш-аракеттерди жасоону шарттаган туруктуу психологиялык касиеттердин калыптанышына алып келген тарбиянын жетишсиздиги менен түшүндүрүлөт.
Балалык жана өспүрүмдүк курактарда жасалган Девианттуу жүрүм-турум инсандын калыптануу процесси толук аяктай электиги, үй бүлөнүн тескери таасири жана жаш адамдын өзүн курчаган девианттуу жүрүм-турумдагы өспүрүмдөрдүн таасиринен көз карандылыгы менен шартталат.
Жетилген курактагы адамдардын Девианттуу жүрүм-турум инсандын туура эмес өнүгүүсүнүн же адамдын турмушундагы айрым жагымсыз жагдайлардын кесепети болушу мүмкүн. Девианттуу жүрүм-турумду алдын алуу үчүн адамды бала чактан тартып эле моралдык нормаларга сый мамиле кылууга тарбиялоо жана адеп-ахлактуу адаттарга көндүрүү эсептелет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Девианттуу жүрүм-турум, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.