Дефо Даниель - (1660-ж.
чен, Криплгейт – 26. 4. 1731, Мурфилдс) – англиялыкжазуучу , саясий ишмер , англис реалисттик романын баштоочу. Яков IIге каршы герцог Монмауттун козголоңуна катышып, 1688–89-жылдагы «Даңктуу революция» деп аталган мамлекеттик төңкөрүштү жактаган. «Таза кандуу англис» (1701) аттуу сатиралык ырында жана «Диссиденттерди жазалоонун эң оңой жолу» (1702; бул чыгарма үчүн камакка алууга өкүм чыгарылган) памфлетинде ак сөөктөрдү, фанатизмди ашкерелесе, «Долбоордун тажрыйбасы» (1697) сыяктуу чыгармаларында буржуазиялык өнүгүүнү жактаган. 1720–22-ж. «Жигиттин аңгемеси», «Капитан Сингльтон», «Полковник Жактын тарыхы» деген романдарды жазган. Укмуштуу окуялуу романдарынын ичинен «Молль Флендерс» (1722) авантюралык чыгармасында өз табынан ажырагандардын – буржуазиялык коомдон жапа чеккендердин кунарсыз турмушун чагылдырган. Дефонун белгилүү «Робинзон Крузонун укмуштуу окуялары» романы (1719) кыргыз тилине которулган (1964).Ам коток сиккен
“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Даниель Дефо, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.