Газ турактуулугу (R) – 1 моль идеалдык газдын абал теңдемесине ки-рүүчү универсал турактуу сан: pV=RT (к.
Клапейрон теңдемеси), мында p – басым, V – молдун көлөмү, T – абсолюттук температура.
Физикалык мааниси боюнча универсалдуу Газ турактуулугу – 1 моль идеалдык газды турактуу басымда 1 К ге ысытууда кеңейүү менен аткарылган жумуштун сан чоңдугуна барабар. Газ турактуулугу – турактуу басымдагы жана көлөмдөгү молдук жылуулук сыйымдуулуктарынын айырмасы Cp–Cv=R. СИ деги (1980) Газ турактуулугунун сан мааниси 8,31441 (26) Дж/(моль*K). Башка бирдиктерде R=8,314*107эрг/(моль*K)=1,9872кал/(моль*K)=82,057 см3* атм/(моль*K)
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Газ турактуулугу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.