Вакуум (латынча vacuum боштук) - басымы атмосфералык басымынан өтө төмөн газ абалы.
Бул түшүнүк негизинен белгилүү көлөм ичиндеги газга, кээде бош мейкиндиктеги, Мисалы, космостогу газга карата колдонулатынча вакуумдун деңгээли көлөмдүн ичинде калган газ басымын өлчөө менен аныкталатынча вакуумдун физикалык мүнөздөмөсү болуп газ молекулаларынын эркин кыймылынын узундугу нын ар бир процесске же приборго мүнөздүү өлчөм dга (вакуум түтүгүнүн диаметри, электрвакуум приборунун электроддорунун ортосундагы аралык жана башка) болгон катышы менен физикалык мүнөздөлөт. убакыт бирдигинде молекуланын орточо ылдамдыгынын (v) кагылышуу санына (z) болгон катышына барабар, ал молекуланын радиусу r жана көлөм бирдигиндеги молекулалардын саны п саны аркылуу туюнтулат: 1 =0,056/r2n. 1/d катышынын чоңдугуна жараша төмөнкү (1/d<<1), ортоңку (1/d~1) жана жогорку (1d>>1) вакуумга айырмаланат. Төмөнкү вакуумда газдардын касиети молекулалардын өз ара энергия алмашып, тез-тез кагылышуусу менен шартталатынча Ошондуктан мындай газдардын агымы илээшкектик касиетке ээ болуп, ал эми жылуулук өткөргүчү, ички сүрүлүүсү, диффузиясы алардын градиентинин жай өзгөрүшү же турактуулугу менен мүнөздөлөт. Жогорку вакуумдагы газдардын касиети алардын молекулаларынын камеранын капталына же башка катуу нерселерге урунушу менен шарталат, ал эми молекулалар өзара чанда гана урунушуп, анча мааниге ээ болбойт. Ортонку вакуумдагы газдын касиети төмөнкү жана жогорку вакуумдагы газдын касиеттеринин орточосу болот. Вакуум электр приборлорун (радиолампаларды, кинескопторду, рентген түтүгүн, фотоэлементтерди жана башка ) жасоодо колдонулат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Вакуум, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.