Бровка Петрусь (Пётр Устинович) – белорус акыны, БССР эл акыны (1962), Беларусь Илимдер академиясынын академиги (1966), Беларусь Советтик энциклопедиясынын башкы редактору (1967-80), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1972).
6. 1905, Минск областы, Путилковичи кыштагы – 24. 3. 1980, Минск] – белорус акыны, БССР эл акыны (1962), Беларусь Илимдер академиясынын академиги (1966), Беларусь Советтик энциклопедиясынын башкы редактору (1967-80), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1972). Чыгармачылык иши 1926-жылдан башталган «Каармандын келиши» (1935), «Мекен жазы» (1937) жана башка жыйнактары, «Беларусь», «Смолячкова жөнүндө поэма» (1943) сыяктуу поэмаларын жазган. Ага «Дан» (1946), «Москва жөнүндө ой терметүү», «Туулган үйдө» (1946), «Турмуш жолдору» (1950) жана башка жыйнактары үчүн СССР мамлекеттик сыйлыгы (1947, 1951), «Күндөр өтүп жатат» ырлар жыйнагы үчүн Лениндик сыйлык ыйгарылган (1962). Бровка «Дарыялар кошулган кезде» романынын да автору. Үч Ленин, Кызыл Жылдыз, Эл достугу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Бровка Петрусь, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.