Альгамбра (ар.
аль-хамра - кызыл) - Испаниядагы Гранада шаарына жакын Сьерра-Невада тоосунун боорундагы аксарай комплекси. Арабдардын Гранада эмиратынын башкаруучулары үчүн (13-кылымдын ортосу - 14-кылымдын аягында) курулган. Альгамбра - мавритан архитектурасынын эң көрүнүктүү үлгүсү. Мирттер аянтчасы менен Арстандар аянтчасынын айланасына жайгашкан кооз жасалгалуу залдардан турат. Ошондой эле Карл Унин чала курулган сарайы бар (1526). Альгамбранын архитектурасынын көркөмдүгү, кереметтүү түзүлүшү, жасалгасы жөнүндө уламыш кабарлар орто кылымда эле дүйнөгө тараган. Альгамбра Бүткүл дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизилген.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Альгамбра, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.