Автомобиль спорту (англ.
autosport) — сериялык, спорттук жана жарышуу үчүн жасалган автомобилдер арасында мелдеш өткөрүүчү спорттун түрү.
Биринчи автомобилдик мелдештер 1894-ж. Францияда Париж — Руан — Париж маршруту боюнча өткөрүлгөн. Мелдеште автомобилдердин бекемдигине, айдап жүрүү жеңилдигине, айдоочунун коопсуздук эрежелерин сактоосуна жана бензин сарптоосуна баа берилет. Россияда биринчи автомобилдик мелдеши 1898-ж. Петербургга жакын жерде болгон.
СССР убагында автомобилдик мелдеши биринчи жолу 1924-ж. Серпухов шоссесинде уюштурулуп, 1948-жылдан бери дайыма өткөрүлүп келеген. Бир катар райондо ачылган автомобилдик клубдар автоспорттун өнүгүшүнө чоң роль ойногон.
Азыркы учурда Кыргызстанда автоспорт өнүгө элек.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Автоспорт, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.