Картинг (англисче karting, kart – арабача дегенден) – карт менен спорттук жарышуу; жарыш өтүүчү атайын аянт.
Картингдин жолу көп сандагы ар кандай өлчөмдөгү оң жана сол бурулуштардан турган татаал конфигурацияларды камтыйт. Алардын узундугу эл аралык автомобиль федерациясынын талаптарына ылайык 400 мден 1200 мге чейин, туурасы 6 мден 10 мге чейин, түз бөлүгүнүн узундугу 100 мге чейин болот. Картингдин спорттук жарыштары эл аралык формула, эл аралык, улуттук жана спортту сүйүүчүлөр класстарына бөлүнөт. Картингде башка автомобиль жарыштары сыяктуу жол көрсөтүүчү желектер колдонулат. Алар түсүнө карата айрым белгилерди көрсөтүшөт. Мисалы, чакмактуусу жарыштын аягын, кызыл түстөгүсү жарыштын токтошун, сарысы коркунуч туулушун жана башка билдирет. 2007-жылдан картингтин KF1...KF4, KZ1, KZ2 жаңы класс системалары боюнча дүйнөлүк чемпионат өтүүдө. Ошондой эле мурдакы «Суперкарт», «Формула-А», «Интерконтиненталь-А», «Эл аралык формула», «Ротакс-макс» жана башка түрлөрү боюнча эл аралык жана Кыргызстанда картинг сүйүүчүлөрдүн мелдештери өтүп турат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Картинг, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.