Google Nexus — Android операциондук системинде иштеген керектөөчүлөрдүн электрондук түзмөктөрүндөгү бир сап.
Google бул түзмөктөрдүн дизайнын, өнүктүрүүнү, маркетиң жагын жана колдоону көзөмөлдөйт. Бирок айрым иштеп чыгуу жактары жана бардык өндүрүш баштапкы жабдууларды иштеп чыгуучулар (англ. original equipment manufacturer, OEM) менен өнөктөштүктө ишке ашырылат. 2016-жылдын август айына карата, бул саптагы жеткиликтүү болгон түзмөктөр учурда экөө: Nexus 6P (Huawei менен биргеликте жасалган) жана Nexus 5X (LG менен биргеликте жасалган). Ошондой эле түзмөктөрдүн бири дагы учурда жеткиликтүү болбосо да бул сапта планшеттер жана агымдык медиа ойноткучтар камтылган. Эң соңку планшет Nexus 9 болсо (HTC менен биргеликте жасалган), ал эми эң акыркы медиа ойноткуч Nexus Player (Asus менен биргеликте жасалган) болгон.
Nexus сабындагы түзмөктөр Google'дун үлгүлүү Android продукциясы катары каралат. Аларда Android'ге (жеке колдонуучу интерфейси сыяктуу) өндүрүүчүлөр же болбосо зымсыз байланыш өзгөртүүлөрү кошулбайт, бирок операторлор аркылуу сатылган түзмөктөргө SIM кулпусу коюлушу жана кошумча брэнддөө кошулушу ыктымал. Мисалы AT&T аркылуу сатылган Nexus 6 түзмөктөрүндө -- кулпуланбаган нускасында дагы ушундай эле жабдуу болгонуна карабастан -- SIM кулпусу кошулуп, аны өчүрүп-күйгүзгөндөгү жөндөлгөн экран өзгөчөлүгү камтылган жана артында логотип коюлган. Ал эми Verizon компаниясынын Galaxy Nexus түзмөгүнүн аркасында Verizon'дун логотиби көзгө урунган жана кулпуланбаган нускасына караганда программалык жаңыртуулар жайыраак келип турган. Анда Verizon'дун CDMA тармагын өздөштүрүш үчүн башка жабдуу коюлган. Бардык Nexus түзмөктөрдө андан ары өнүктүрүүгө жана акыркы колдонуучуга өзгөртүүгө уруксат берген кулпу салынган жүктөгүч камтылган. Nexus түзмөктөр Android түзмөктөрдүн арасында операциондук системин жаңыртуу боюнча маалыматтарды биринчилерден болуп алат.
2016-жылдын аягында Google Pixel продукциясынын кеңири кулач жайышы менен Google "эшикти толугу менен жапкысы келбегенин, бирок мындан ары Nexus түзмөктөрдү жасоо боюнча планы жок" экенин билдирген. 2017-жылы Google жаңы Nokia телефондорун жасоо боюнча HMD Global менен өнөктөш болгон. Муну кээ бири Nexus'ту жандандыруу аракети катары кабыл алган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Google Nexus, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.