Экваториалдык Гвинея, Экватордук Гвинея Республикасы (República de Guinea Ecuatorial) - Экватордук Африкадагы мамлекет.
Камерун жана Габон өлкөлөрү менен чектешет. Гвинея булуңунун жээги жана ага жанаша жаткан аралдарды ээлейт. Аянты 28,1 миң км2. Калкы 704,0 миң (2013). Борбору - Малабо ш. Биоко а-нда жайгашкан. Акча бирдиги - Африка (КФА) франкы. Адм.-айм. жактан 7 провинцияга бөлүнөт.
Экватордук гвинея - БУУнун (1968), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1970), ИНТЕРПОЛдун (1980) ж. б-дын мүчөсү. Мамлекеттик түзүлүшү. Экватордук гвинея - унитардык мамлекет. Конституциясы 1991-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы - Президенттик республика. Саясий режими - авторитардык-трайбалисттик. Мамлекет башчысы - президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - бир палаталуу парламент (Эл өкүлдөр палатасы). Аткаруу бийлигин премьер-миниетр башында турган өкмөт ишке ашырат. Экватордук гвинеяда көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары: Демокр. партия, Социалдык демократия үчүн бирдиктүү партия.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Экваториалдык Гвинея, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.