Чукча деңизи - Түндүк Муз океанындагы четки деңиз.
Азия менен Түндүк Американын (Алясканын жээктерин чулгайт) түндүк-чыгыш жээгинде Беринг кысыгы аркылуу Тынч океан, Лонга кысыгы аркылуу Чыгыш Сибирь деңизи менен туташат. Аянты 595 миң км2. Эн терең жери 1256 м. Жээги негизинен тоолуу, лагуна менен саян жерлери көп. Ири аралы - Врангель. Булуңдары ; Колючи колтугу, Коцебу.
Жайында суу бетинин тем-расы 4-12°С, кышында -1,6°С дан -1,8°С га чейин. Жылдын көп мезгилинде муз каптап жатат. Туздуулугу 24-32%о. Суткасына эки жолу ташкындайт (бийиктиги 0,1-0,2 м). Балык (голец, уюл трескасы), суужолборс (морж), түлөн, нерпа кармалат. Уэлен порту (Чукча жарым аралында) жайгашкан.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Чукча деңизи, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.