Чекене товар жүгүртүү.
Кыргыз Республикасында 2009-ж. чекене товар жүгүртүү 1995-жылга салыштырганда 17,3 эсе өскөн.
Сооданын керектөө товарлары менен толтурулушу туруктуу болууда. Керектөө товарлары жылдан жылга көп чыгарылууда. Бирок базарда импорттун үлүшү өтө жогору. Ал болжол менен 70%ти түзөт. Биздин ата мекендик базар, б.а., чет өлкөлүк керектөө товарларын чыгаруучуларга иштеп берүүнү улантууда. Чекене товар жүгүртүүдөгү азык-түлүк жана андай эмес товарлардын салыштырмалуу салмагы болжол менен мурдагысындай кала берүүдө, 53 жана 47%ти түзөт. 2009-ж. калктын адам башына 12809 сомдук азык-түлүк товарлары, 11247 сомдук азык-түлүк эмес товарлар сатылды.
Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Чекене товар жүгүртүү, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.