Цельсий Андерс (27.
11. 1701, Швеция, Уппсала - 25. 4. 1744, ошол эле жер) - швед астроному, геолог жана метеоролог (ошол учурда геология жана метеорология астрономиянын бөлүмү болгон).
Уппсала университетинде математика жана астрономия боюнча профессор (1730-44). Ал температуралык шкаланы (Цельсий шкаласы) сунуш кылган (1742). Фр. астроному Пьеро Луи Моро де Мопертюи менен бирге Лапландияда 1 градустагы меридиан кесиндисин өлчөө максатында жүргүзүлгөн экспедицияга катышкан. Уюлдук жаркыроого байкоо жүргүзгөн жана З00дөн ашык өзүнүн ж. б-дын байкоолорун баяндап жазган. Уюлдук жаркыроонун табияты магнетизм менен байланышкан деген туура жыйынтык алган. Уппсала астр. обсерваториясын негиздеген (1741). Цельсий жарыкты жутуп алуучу, бирдей айнек пластиналардын системасын колдонуу менен З00дөн ашык жылдыздын жарыктыгын так өлчөгөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Цельсий Андерс, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.