Хеллоуин (о.э Хэллоуин) (англ. Halloween, All Hallows' Eve же All Saints' Eve) — Хеллоуин сөзү англис тилиндеги All-Hallows-Even сөзүнүн гаэл тилинде кыскартылып айтылганы.
Оксфорд сөздүгү боюнча бул сөз алгачкы жолу XVI кылымда эскертилет. Ирландия жана Шотландия өлкөлөрүндөгү байыркы уруулардын салттарына байланышкан заманбап майрам. Жыл сайын 31-октябрда белгиленет
Хеллоуин (Хэллоуин) | |
Түрү | салтанат-майрам |
---|---|
Расмий аталышы | Halloween |
Же | Hallowe'en |
Белгилешет | Улуу Британия, |
Датасы | 31-октябрь |
Майрамдоо | фейерверктер, үй бүлөлү дастаркон, чогулуп олтуруу |
Салты | жаш балдарга момпосуй таркаттуу |
Окшош майрамдар | Самайн |
Хеллоуин (Хэллоуин) Уикиказынада |
Хеллоуин англис тилдүү өлкөлөрдө майрамдалганы менен расмий түрдө белгиленбейт. ХХ кылымдын аягында глобалдашуу жараяны менен англис тилдүү эмес өлкөлөрдө да Хеллоуиндин атрибуттарына мода башталган. Бул майрам АКШ жана Улуу Британия менен маданий байланышы бар Япония, Түштүк Корея, Сингапур, Австралия жана Жаңы Зеландия сыяктуу өлкөлөрдө да белгиленет. "Хеллоуин" сөзү англис тилиндеги All-Hallows-Even сөзүнүн гаэл тилинде кыскартылып айтылганы. Оксфорд сөздүгү боюнча бул сөз алгачкы жолу XVI кылымда эскертилет.Карнавал кийимдерин кийүү жакында эле пайда болгон салт. Алгачкы жолу карнавал кийимин кийип майрамдаган учур 1895-жылы Шотландияда катталган. Анда бет кап кийген балдар ар кайсы үйгө барып момпосуй, жемиш жана акча сурашкан. Хеллоуинде шайтандардын, вампирлердин, кубулма кишилердин, жез кемпирдин гана эмес, феянын, канбийкенин, поп-маданиятынын өкүлдөрүнүн да костюмдарын кийишет. Бул майрам Кыргызстанда 2012—2013 жылдар аралыгында белгилене баштаган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Хеллоуин, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.