Уруктуу өсүмдүктөр, сперматофиттер (Spermatophyta) - урук пайда кылуучу татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр.
Уруктуу өсүмдүктөргө жылаңач уруктуулар жана жабык уруктуулар же гүлдүү өсүмдүктөр кирет. Айрым татаал түзүлүштүү риниофиттер, мамык чөптөр, плаун сымалдар, кырк муундар жана папоротниктер урук пайда кылбайт. Уруктуу өсүмдүктөдүн (өзгөчө жабык уруктуулардын) гаметофити (жыныстык мууну) жок болуп кеткендиктен, алар спорафитте өөрчүшөт. Уруктуу өсүмдүктөр эволюциялык өөрчүүсүнүн натыйжасында споралуу өсүмдүктөрдөн пайда болгон. Алардын биосферада жана адам турмушунда мааниси чоң.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Уруктуу өсүмдүктөр, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.