Турнепс (Brassica rapa rapifera), тоют чамгыры өсүмдүктөрдүн кайчылаш гүлдүүлөр тукумундагы эки жылдык чөп.
Эгилген жылы жалбырак жана жоон азык-тамыры, кийинки жылы түбүнөн сабак, гүл өсүп, урук байлайт. Азык-тамыры - цилиндр, сүйрү, тоголок, өңү ак, көгүш, сары. Турнепс Германия, Дания ж. б. өлкөлөрдө, КМШ өлкөлөрүндө кара топураксыз аймактарда малга тоют катары өстүрүлөт. Азык - тамыры малга берилип, жалбырагы силостолот. Курамында кургак зат, протеин ж. б. бар. Зыянкечтери: кайчылаш гүлдүүлөр бүргөсү, капуста бити ж. б., илдети - кила ж. б.
«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Турнепс, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.