Тамык (Диван Лугат Ат-Түрк)
Тозок, дозок (иранча дузек — кыйноочу жай) — диний ишенимде тиги дүйнөдө өлгөн адамдардын күнөөлүүлөрүнүн жанын түбөлүк кыйноого алуучу жай. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Т. төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Дозок деген оруну
Оттон экен болуму.
Оттон чаян, жылан бар
Оттон адам кылган бар,
Адам эмес бериште
Каар кылат ар ишке,
Башы миң кез жылан бар,
Башкача каар кылган бар,
Нардай, нардай чаян бар,
Аманат курган жаныңыз
Анда кантип жай алар.
Капыр бойдон сен өлсөң
Ошо болор жайыңыз (Сагымбай Орозбаков, КФ. 576-инв., 603-б.).
Т. кээде жалпы эле кыйноо, азап, жапа чегүү, кыйынчылык тартуу маанисинде да жолугат: "Тоодайым Манас эрим жок, Абыке, тозогуңа калбаймын!" (Саякбай Каралаев, "Семетей", 1. 11).
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Тозок, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.