Роза Люксембург (5.
3. 1871, Польша, Замостье – 15. 1. 1919, Берлин) – эл аралык жумушчу кыймылынын ишмери, Польша, Германия социал-демократиялык партиясындагы радикалдуу солчул агымдын, Экинчи Интернационалдын жетекчилеринин жана теоретиктеринин бири. Люксембург – «Спартак союзун» негиздөөчүлөрдөн. Германия коммунисттик партиясын (ГКП) негиздөөгө катышкан. Еврей үй-бүлөсүнөн. Гимназияда окуп жүргөндө эле «Пролетариат» партиясына ыктап, революциялык жашыруун иштерге катышкан. 1889-ж. Швейцарияга эмиграцияга кетип, 1897-ж. Цюрих университетин бүткөн. 1898-ж. Германияга келип, Германия социал-демократиялык партиясына өткөн. Россиядагы 1905–07-жылдардагы революциянын тажрыйбасына таянып, Германия жумушчу табынын милдеттерин аныктаган, күрөштүн жаңы формасы – массалык саясий иш таштоону пропагандалаган. Биринчи дүйнөлүк согушта (1914–18) социал-демократтардын жетекчилеринин шовинисттик саясатын сындаган. Люксембург 1919-ж. январда Берлин жумушчуларынын көтөрүлүшү басылгандан кийин К. Либкнехт менен бирге германиялык контрреволюциянын курманы болгон.
“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Роза Люксембург, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.