Омурткалуулар

Омурткалуулар, баш сөөктүүлөр (лат.

Соңку силур мезгилинен белгилүү. Омурткалуулардын теги – жөнөкөй хордалуулар. Эволюциялык процесстин натыйжасында алгачкы өзөк скелети – хордасы – акырындап бири-бири менен бириккен кемирчек же сөөк омурткалардан турган омуртка тутумуна алмашкан (аты ошондон). Ошентип суу агымына туруштук бере турган күчтүү булчуңдуу бекем таяныч пайда болгон. Ошондой эле дем алуу, азык сиңирүү, кан айлануу, бөлүп чыгаруу жана сезүү органдары, борбордук нерв системасы өөрчүгөн. Айрыкча бул системалардын өөрчүшү омурткалуулардын суудан кургакка жашоого өткөндө зарыл болгон. Тамак сиңирүү системасы татаалданган. Булчуңдуу жүрөгү бир нече бөлүктөн турат. Кан айлануу системасы туюк. Сууда жашоочу омурткалуулар бакалоору, кургактагылар жаңы пайда болгон дем алуу органы–жуп өпкөсү менен дем алат. Омурткасыздарга караганда гормондук жөнгө салуу татаалданган. Нерв системасы мээ, жүлүн жана четки түйүндөрүнөн (ганглия) турат. Омурткалуулардын кыймыл-аракетинин активдүүлүгү сезүү органдарынын түзүлүшүнүн жана функциясынын татаалданышына алып келген. Омурткалуулар демейде айрым жыныстуу, жуп жыныс бездери болот. Кээ бир балыктар – гермафродиттер. Оймок ооздуулар, балыктар, жерде-сууда жашоочулардын көбү, куштар жумуртка, сүт эмүүчүлөр тирүү тууйт. Азыркы омурткалуулар 7 класска (оймок ооздуулар, кемирчектүү балыктар, сөөктүү балыктар, жерде-сууда жашоочулар, сойлоочулар, куштар, сүт эмүүчүлөр) бөлүнүп, 40–45 миңдей түрү белгилүү. Биосфера процессинде жана адам үчүн омурткалуулардын мааниси өтө чоң. Көпчүлүгү – үй айбандары жана промыселдик жаныбарлар. Айрымдары – жугуштуу ооруларды алып жүрүүчүлөр, кээ бирлери эл чарбасына, айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирет.

Омурткалуулар
Омурткалуулар
Омурткалуулар
Илимий классификация
Эл аралык илимий аталышы

Vertebrata Cuvier, 1812

Инфратүрлөрү
  • Gnathostomata
  • Agnatha
Омурткалуулар
Систематика
Уикитүрлөрдө
Омурткалуулар
Сүрөт
сүрөт издөө
ITIS  331030
NCBI  7742
EOL  2774383
Омурткалуулар
Омурткалуулар.

Колдонулган адабияттар

Tags:

Латын тилиОмуртка

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Хайду мамлекетиИнтернетте издөөБек БорбиевЕвразияБеш жылдык пландарУсубалиев Турдакун УсубалиевичТелескопЖасалма тандооРиторика.Риторика илими.Сүйлөм мүчөлөрүАйыл чарбаКөкө уулу ЖеңижокСооронбай ЖусуевТянь-Шандын түштүк тизмегиМаалымат технологиясыЖарым өткөргүчОсмонкул Бөлөбалаев«Замана» агымыМамлекетДен соолукАлаш (партия)Тагай бийКүндөрдүн аталышыКомуз күүсүСайтСалык саясатыЖер көчкүЭлектр каршылыгыТүркияУйгур кагандыгыСабаттуулукСырдык сөзГалактикаАт атоочКыргыз аттарыКөп маанилүү сөздөрКыргыз АССР Советтеринин 1-уюштуруу съездиTCP/IPМанас эпосунун идеясыКыргыз уяң жүндүү кою1916-жылдагы тарыхый трагедиянын кыргыз адамынын дүйнө таанымына, көз карашына тийгизген таасириАйгүл гүлүСаадаев ЖайнакЖай мезгилиОрозов КарамолдоОрмон ханКамсыздандырууТуберкулёзОрусиядагы 1905–1907-жылдардагы революцияӨрт коопсуздугуCSSБаш сүйлөмМаданиятКаныбекТөрөтБуржуазиялык революцияЖугуштуу ооруларТашкөмүр ГЭСиКокон АвтономиясыБайыркы Египет маданиятыЭкономикаТажикстанСанкцияКөмүртекНасирдин ИсановАдам укуктары«Жаңыл Мырза»МөңгүЖаргак шымТабарсыкМарт окуясы (2005)Алдаяр уулу, Мойт АкеАлымбек даткаОчеркКыргызстандын тышкы саясатыКосмосЫсык-КөлБашкарууЖашоо үчүн күрөш🡆 More