Облус же дубан ― администрациялык – аймак, жер, край; кандайдыр бир аймактын (өлкө, мамлекет, материк ж.
б.) мерчемдүү белгилери (жаратылыш шарты, тарыхый салты, этностук же экономикалык өзгөчөлүгү, административдик-саясий мааниси ж. б.), ошондой эле географиялык объектиде (зона, район) бир нерсенин таралышы (зоогеографиялык облус, флора облус, геосинклиналь облус) боюнча бөлүнгөн бөлүгү. Облус – КМШ (Орусия, Украина, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан) өлкөлөрүндөгү жана бир катар мамлекеттердеги (Непал, Габон, Гана, Камерун, Конго, Мали, Нигерия, Сенегал, Сомали, Танзания, Того ж. б.) негизги административдик-аймактык бирдик. Облус табигый жана экономикалык шарты, аймактык өзгөчөлүгү, калктуу пункттардын ири өнөр жай очокторуна жакын жайгашуусу боюнча бөлүнөт. Кыргызстанда 7 облус (Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй, Ысык-Көл) бар. Ар бир облус райондорго бөлүнөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Облус, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.