Негиздер – молекуласы металл иондорунан жана бир же бир нече гидроксид тобунан турган заттар.
Гидроксид тобунун саны металлдар валенттүүлүгүнө барабар. Мисалы, NaOH, Cu(OH)2, Al(OH)3, KOH, LiOH ж.б. К-талар менен туз пайда кылуу жөндөмдүүлүгү Н. эң негизги химимялык касиети. Мисалы,
NaOH + HCl = NaCl + H2O
Ca(OH)2 + 2HCl = CaCl2 + 2H2O
Эригичтиги боюнча сууда эрүүчү жана эрибөөчү Н. болуп бөлүнөт. Сууда жакшы эрүүчү Н. щелочтор деп аталат. Диссоциация даражасы боюнча Н. күчтүү жана начар Н. болуп бөлүнөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Негиз (химия), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.