Навоий облусу (вилоя́т, өзб.
Административдик борбор | |
---|---|
Б.ири шаары | • Зарафшан |
Расмий тили | |
Калкы | 873 000 |
Жыштыгы | 7,88 адам/км² |
Аянты | 110 800 км² (2- орунда) |
Убакыт аралыгы | |
Аббревиатурасы | UZ-NW |
Коду ISO 3166-2 | UZ-NW |
Автоунаа номурунун коду | 21 (эски үлгүсү 1998—2008), |
Расмий сайты | |
1982-жылы20-апрелде Бухара менен Самарканд облусунун кошулушунан уюшулган. Облус Казакстан Республикасы, Жызак, Самарканд, Бухара Облусттук жана Каракалпакстан менен чектешет. Аянты 111,0 миң км2. Калкы 767,3 миң (2006); негизинен өзбектер (63,3%), ошондой эле орус (13,5%), казак (11,5%), татар (2,6%), украин (1,4%), каракалпак (1,4%), тажик, азербайжан, беларус жана башка улут өкүлдөрү да жашайт. Калкынын орточо жыштыгы 1 км 2ге 7 киши. Облуста 8 административдик район, 6 шаар (Заравшан, Навои, Кызыл-Тепе, Нура-Тоо, Үч-Кудук, Кармана), 8 шаарча, 53 кыштак бар. Административдик борбору – Навои шаары. Облус Өзбекстандын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Түндүк-батышын Кызыл-Кум чөлү (бийиктиги 992 мге чейин) ээлесе, чыгышында Нура-Тоо кырка тоосу созулуп, түштүгүнөн Заравшан дарыясы агат. Климаты кескин континенттик, чөлдүү. Январдын орточо температурасы –1,9...– 0,6˚С, июлдуку 27,2 –29,6˚С, чөлдө 60–70˚Сге чейин жетет. Жылдык жаан-чачыны 125– 282 мм. Башкы дарыясы – Заравшан. Куймазар суу сактагычы курулган. Ксерофиль бадалдары, эфемер, эфемероид өсүмдүктөрү басымдуу. Кен байлыктары: вольфрам, фосфорит, кварц куму, цемент, акиташ. Алтын кенинин запасы да бар. Өнөр жайынын негизги тармагы – энергетика. Ошондой эле тоо-кен (анын ичинен Навои тоо-кен металлургия комбинаты), химиялык («Навои-азот»), цемент, тамак-аш, курулуш материалы өнөр жай, Навои ГРЭСи иштейт. Өзбек-Америка «Заравшан-Ньюмонт» алтын өндүрүү биргелешкен ишканасы (тоо-кен комбинатынын таштандыларынын негизинде) курулган. Сугат дыйканчылыгы мүнөздүү. Пахта, дан өсүмдүктөрү, бакча, жашылча-жемиш өстүрүлөт. Багбанчылык, жүзүмчүлүк, жибекчилик жана каракөл коюн асыроо (2005-жылы 500 миң даана тери даярдалган; Бухарадан кийинки 2-орунда) өнүккөн. Темир жолунун узундугу 390,7 км (Ташкент – Түркмөнстан, Ташкент – Үч-Кудук), автомобилдики 4,1 миң км (анын ичинен 3,0 миң кми асфальтталган). Облуста жалпы билим берүүчү 362 мектеп (анын ичинен музыкалык, спорт жана адистештирилген), (Ташкент педагогикалык жана техникалык), университеттеринин филиалдары китепканалар, 2 музей бар.
Облус 8 административдик районго (туман) бөлүнөт:
Облустун эң ири шаары жана административдик борбору — Навоий шаары, (128 мың киши).
Облустун курамына 6 шаар, 8 шаар тибиндеги кыштак, 53 айыл кирет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Навоий облусу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.