Муз – тоңуп калган суу.
Ал кристаллдык (11) жана аморфтук муз болуп бөлүнөт. Муздун түрлөрү: атм. (кар, кыроо, мөндүр), суу музу (суунун үстүндө пайда болгон муз катмары жана суунун ар түрдүү тереңдигиндеги муз), жер астындагы жана мөңгү музу. Жер бетиндеги муздун жалпы көлөмү 30 млн км3, анын көбү уюлдук аймактарда (негизинен Антарктидада, калыңдыгы 4 км) топтолгон. Муз азык-түлүктү тоңдуруп сактоодо, тузсуз суу алууда, медицинада кеңири колдонулат. Географиялык энчилүү ат катары да кеңири таралган: Ак-Муз, Муз-Арт, Муз-Бел, Муз-Булак, Муз-Тоо, Муз-Төр жана башкалар.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Муз, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.