Айсберг (англ.
iceberg, голл. Ijsberg; ise, ijs муз, berg - тоо) - океан менен деңиздерде калкып жүргөн же алардын тайыз жеринде токтоп калган муз тоо. Ал материк муздарынын четтеринен омурулуп бөлүнүшүнөн пайда болот. Көлөмүнүн 83-90%и суу астында; суу үстүндөгү бөлүгүнүн орточо бийиктиги 5 мден жогору, Арктикада 70 м, Антарктидада 100 м. Узуну жана туурасы бир нече кмге жетет. Ири айсбергдер Антарктика, Канадалык Арктика аралында жана Гренландияда көп пайда болот. Айсберг деңиз катнашуусу үчүн опурталдуу (мисалы, 1912-ж. «Титаник» жана 1959-ж. «Хедтофт» кемелери айсберг менен болгон кагылышуу). Түндүк Атлантикада айсбергке байкоо жүргүзүү боюнча «Муздагы күзөт» кызматы иштейт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Айсберг, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.