Манжур мамлекети (Манчжуо-Го) – Түндүк-Чыгыш Кытайда жапон империалисттери түзгөн мамлекет (1932–1945).
Манжур мамлекетинин аянты 1 млн дон ашык км2 түзүп, калктын саны 30 млн киши болгон. Борбору – Чанчун, кийин Шинжаң шаары болуп, жапондуктар Манжур мамлекетин согуш плацдармы катары пайдаланган. 1931-жылы 18–19-сентябрда Жапония Шэньян (Мукден) районунда Түштүк Манжурга тиешелүү темир жолду буздуң деген шылтоо менен Кытайдын түндүк-чыгыш аймагына аскерлерин кийирип, анын үч провинциясын басып алган. Манжур мамлекетин негизинен жапон империалисттеринин өкүлдөрү башкарып, жергиликтүү калкты ырайымсыз эзген. Жапон милитаристтери армиянын санын көбөйтүп, жол түйүндөрүн, аэродром жана башка согуш объектилерин куруп, коңшу мамлекеттерге (СССР жана Монголияга) каршы согуш чагымдарын уюштурган. 1945-жылдары августта Түндүк-Чыгыш Кытай жапон баскынчыларынан бошотулган соң, Манжур мамлекети жоюлган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Манжур мамлекети, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.