Лаутока – Фижи Республикасындагы шаар.
Батыш округунун административдик борбору. Калкы 55,2 миң (2010; шаар айланасы менен 80 миң); калкынын саны боюнча өлкөнүн борбору Сувадан кийинки 2-шаар. Нади эл аралык аэропорту (Лаутокадaн 25 км) бар. Тынч океандын жээгиндеги порточо 1789-ж. пайда болгон. 1977-жылдан шаар. Лаутока – «шекер борбору» деп аталып, өлкөдөгү эң ири кант заводу, улуттук ири компаниялардын офистери жайгашкан. Металл конструкциялары, жыгач иштетүүчү, тигүү, тамак-аш (суусундуктар) өнөр жай ишканалары иштейт. Жыл сайын кант фестивалы өткөрүлөт. Шаардын четинде эл аралык курорт комплекстери (пляж, дайвинг, яхтинг, гольф клубдары, алымсыз соода кылуучу дүкөндөр) уюштурулган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Лаутока, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.