Көлн (нем. Köln) — Германиянын батышындагы шаар.
Түндүк Рейн-Вестфалия жеринде (административдик-аймактык бирдик). Көлн административдик округуна карайт. Линденталь районуна кирет.
Көлн | |||
Köln | |||
| |||
Өлкө | Германия | ||
---|---|---|---|
Германия жерлери|Жер | Түндүк Рейн-Вестфалия | ||
{{:if:Германиянын райондору|Район|Германиянын райондору|Район|Район}} | Линденталь | ||
Ички бөлүнүшү | 9 ички район | ||
Юрген Ротерс | |||
Тарыхы жана Географиясы | |||
Аянты | 405,15 | ||
Бийиктиктиги | 37,5-118,04 | ||
Калкы | |||
Калкынын саны | 1007119 (2010) | ||
Жыштыгы | адам/км2 | ||
Сандык идентификаторлор | |||
Убакыт аралыгы | +1 | ||
Телефон коду | 02 21 ,0 22 03,0 22 32,0 22 33 | ||
Почта индекси | 50441-51149 | ||
Автоунаа коду | K | ||
http://www.stadt-koeln.de/ |
Калкы 1,0 млн киши (2010); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 4-шаар (Берлин, Гамбург жана Мүнхенден кийин). Болжолдуу аянты - 405,15 км². Мамлекет ичинде бекитилген расмий коду — 05 3 15 000. Мэр — Юрген Ротерс.
Шаар административдик курамы боюнча 9 шаардык районго бөлүнөт.
Рейн дарыясындагы порт (жылына 15 млн т жүк ташылат). Ага жакын жайгашкан шаарспутниктеринин калкы 2 млндон ашык. Эл аралык аэропорту бар. Шаардын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү түзөт. Германиянын ири банктарынын штаб-квартиралары жайгашкан. Өлкөнүн соода-финансы борбору. Машина куруу (транспорт, айыл чарба, оор, электртехникалык, радио-электроника ж. б.), мунай ажыратуу, мунай-химиялык, текстиль, парфюмерия, кагаз, тамак-аш–татымал (сыр, ун, шоколад), тамеки өнөр-жай ишканалары иштейт. Көльн – дүйнөлүк маанидеги автомобиль өнөр жай борбору. Америкалык «Ford Motor Company» жана япониялык «Toyota Motor Corporation» автоконцерндеринин штаб-квартиралары, DAF, «Mazda», «Nissan», «Volvo» компанияларынын кеңселери жайгашкан. Метрополитен иштейт. Университеттер (анын ичинде Көльн), китепканалар, тарыхый архив, 40тан ашык музей (анын ичинде көркөм кол өнөрчүлүк, Епархия, Вальраф-Рихарц-Лүдвиг, Кунстхалле, Чыгыш Азия искусствосу ж. б.) бар. Көльн – Европанын музыкалык театр борборлорунун бири. Бир нече театрлар (анын ичинде опера жана балет), Мамлекеттик жогорку музыка мектеби, филармония, ири концерт залдары иштейт. Б. з. ч. 1-кылымдан белгилүү. 785–1273-жылдары архиепископтуктун борбору. Орто кылымда Ганза мамлекетинин башкы шаарларынын бири болгон. 1475-ж. эркин империя шаар статусун алган. 1946-жылдан Түндүк Рейн-Вестфалия жеринин курамында. Роман (10–13-кылымдар) жана барокко (17–18-кылымдар) стилиндеги чиркөөлөр, готика стилиндеги собор (13–19-кылымдар), ратуша (14–15-кылымдар), турак жайлар (13-кылым), ренессанс стилиндеги цейхгауз (16–17-кылымдар) сакталган. Эл аралык музыка фестивалдары жана бүткүл дүйнөгө белгилүү жармаңке-көргөзмөлөр өткөрүлүп турат. Ири парктар, зоопарк, «Флора» ботан. багы (экзотикалык өсүмдүктөр өстүрүлөт) уюштурулган.
Калып:Германия:Линденталь Район:Шаарлар
Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Көлн, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.