Кызгылт Фламинго

Кызгылт фламинго (Phoenicopterus ruber), (Linnaeus, 1758):

Кызгылт Фламинго
Кызгылт Фламинго
Phoenicopterus ruber

Жалпы жана өлкөдө таралышы

Түштүк Европада, Африкада, Түштүк Азияда жана чыгышта Бирмага чейин. Мурунку СССРде Арал-Каспий ойдуңу, Карабогазгол кысыгы жана Казакстандын айрым көлдөрүндө. Чыгыш жана Түштүк-Батыш Каспий деңизинин жээктеринде саны көп, ошондой эле Иран жана Индияда кыштайт . Кыргызстанга фламинго кокусунан учуп келип түшкөн куш. В.Н. Шнитников фламинго Нарын менен Ысыккөлдө кездешет деп көрсөткөн. 1933-жылы февралда Ысыккөлдө табылган фламинго биздин коллекцияда бар, ошондой эле 1954-жылы күзүндө Кокуйкөлдө ( Ысык-Көлдүн түштүк-батыш жээгинде) 4 фламингонун учуп келип түшкөнү белгилүү . 1998-1999-жылы кышында Балыкчы шаарынын аймагында 12 куш, 2002-2003-жылы бир фламинго болгону белгилүү .

Жашаган аймактары

Аралдарына уялайт .

Саны

Саны изилденген эмес. Санынын өзгөрүлүшүнүн себептери. Жашоого ылайыктуу жерлери жок.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)

Кеңири жайылган, көп терең эмес, жакшы жылыган туздуу көлдөрдө уялайт. Фламингонун колониясынын түзүлүшү туруксуз, себеби ал суунун деңгээлине жана анын туздуулугуна көзкаранды. Киши жана жырткычтар баралбаган же жете албаган майда, жээктери тайыз жерлерге колониясын түзөт. Уялары чоң, конус формасында. Буларды бир гана жай пайдаланат. Кээбир учурда уя салышпайт, жумурткаларын түз эле кумга ташташат. Уясында 1-3 жумуртка. Бир айга жакын эркеги жана ургаачысы алмак-салмак басып чыгарат. Фламингонун негизги жеми – майда рак сымалдуулар, моллюскалар, туздуу сууда жашоочу чымындардын личинкалары, суу өсүмдүктөрдүн уруктары. Жемин суу жана баткак менен аралаш салып, аны тумшугу менен чыпкалайт .

Чектөөчү факторлор

Ысыккөлдөн башка туздуу көлдөрдүн жоктугу.

Көбөйтүү (колдо багуу)

Дүйнөдө көп зоопарктарда, ошондой эле мурунку СССРге кирген республикаларда багылат.

Уюштурулган коргоо аракеттери

Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын Кызыл китептерине киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер

Кыштоочу жана миграция жерлерине убактылуу заказниктерди уюштуруу.

Статусу

VI категория, Nearly Threatened, NT: R. Сейрек кездешчү, кокусунан учуп келген куш.Кыргызстанда фламинго тукумунан бир гана түрү.

Колдонулган адабияттар

Tags:

Кызгылт Фламинго Жалпы жана өлкөдө таралышыКызгылт Фламинго Жашаган аймактарыКызгылт Фламинго СаныКызгылт Фламинго Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)Кызгылт Фламинго Чектөөчү факторлорКызгылт Фламинго Көбөйтүү (колдо багуу)Кызгылт Фламинго Уюштурулган коргоо аракеттериКызгылт Фламинго Коргоо үчүн зарыл аракеттерКызгылт Фламинго СтатусуКызгылт Фламинго Колдонулган адабияттарКызгылт Фламинго

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Муктар АуэзовЖүрөкОрхон-Енисей жазуусуСеметей эпосуЖусуп АбдрахмановМейкиндикШүкүрбеков РайканКошмок сөздөрМанастын туулганыТериКасымалы БаялиновАбдылас МалдыбаевВирусОюнТүндүк Кыргызстандын Россия менен элчилик алакаларыЖасалма интеллект деген эмне?Абай КунанбаевСоветтер Союзунун баатырыУсубалиев Турдакун УсубалиевичТоктогул ГЭСиГепатит АТүлөбердиев ЧолпонбайЗаара бөлүп чыгаруу системасыТууранды сөзЛексикологияКарышкырларСары-ЧелекПирамида (геометрияда)Түштүк АзияСейтекАдеп тарбиясыСенек жылдарИнтеграцияСыдыков, ДөөлөтбекЧүйКыргыз-Казак согушу (1846)Кулмырза менен АксаткынСарыбагышПопуляцияРекреациялык ресурстарМал чарбасыУсун мамлекетиӨмүр баянЕвропаКыргызстан алтын кендериЭне-Сай кыргыз кагандыгыМамлекеттик бюджетАйлана чөйрөнү коргооКыргыз оймолорунун маанисиЧүй облусуКошожашХанафий мазхабыПластмассаМанасчыОсмоналиев КачкынбайКан айланууАлаш (партия)Абанын булганышыЖарандык согушАскердик ант«Букара» биримдигиКылым карытар бир күнАтакенин ак болотуНарын мамлекеттик коругуИскактын көтөрүлүшү (1873–75)Кудаяр ханКант диабетиБиринчи майКыргыз элчиликтериЖыл мезгилдериКедейкан (эпос)Аң-сезимФутболӨзгөн архитектуралык комплексиЖапонияНоорузБашкаруу байланышыОрганикалык химия🡆 More