Киль – Германиянын түндүгүндөгү шаар.
Шлезвиг-Гольштейн жеринин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору (1946-жылдан). Балтика деңизинин жээгинде, Киль бухтасында жайгашкан. Калкы 236 миң (2008). ГФРдин түндүгүндөгү башкы жол тоому. Килде ылдам жүрүү үчүн 6 автомагистрал кесилишет. Маанилүү соода, балык уулоочу жана жүргүнчү ташуучу порт (2006-ж. жылына 4,4 млн т жүк, 1,7 млн жүргүнчү ташылат; Балтикадагы германиялык порттордун ичинен 2-орунда). Паром аркылуу Гётеборг (Швеция), Осло (Норвегия), Клайпеда (Литва), Санкт-Петербург жана Калининград (Россия) шаарлары менен байланышат.
1242-ж. негизделген. 19-кылымдын 2-жарымында согуш кемелерин куруунун ири борбору болгон. 1860-ж. верфтер курулган. Версаль тынчтык келишими (1919) боюнча верфтеги аскердик өндүрүш токтотулган. Шаардын эски бөлүгүндө Гольштейн-Готторп герцогдорунун ак сарайлары (1280-ж. чен, бул жерде 1728-ж. Россия императору Пётр III туулган), ратуша (1907–11), Ыйык Николай чиркөөсүнүн алдында Э. Барлахтын «Рух үчүн күрөшүүчү» скульптурасы (1928), «HSH Nordbank AG» банк корпорациясынын 2 штаб-квартирасынын бирөө ж. б. жайгашкан. Машина, кеме куруу жана ремонттоо, тамак-аш (балык беленделет, тоңдурулат, консерваланат), химиялык (анын ичинде фармацевтика) жана жеңил (полиграфия, эмерек) өнөр-жай иштеп, атайын танкерлер (нефть продукциялары жана суюк химикаттар ташылат), сүзүп жүрүүчү балык заводдору, аскер кемелери (дүйнөдөгү алдыңкы өндүрүштөрдүн бири), локомотивдер, темир жол үчүн жабдуулар ж. б. чыгарылат. Радиоэлектроника, электр-техникалык, жогорку тактыктагы оптикалык жана мехникалык приборлор, телекоммуникация, радиоаппаратура жана кемелер үчүн жабдуулар, аквалангдар, деңиз миналары, тереңдикте колдонулуучу бомбалар жана курал-жарактарды чыгаруу өнүккөн. Кристиан Альбрехт атындагы университет [1665, Германиядагы эң ири университеттердин бири; курамында 165 илимий-изилдөө бөлүмчөлөрү, анын ичинде институттар; музейлер (зоологиялык, геологиялык, минералдык)], Мутезиус искусство жана дизайн (1907; 2005-жылдан университет), Киль жогорку мектеби (1969), илимий мекемелер, музейлер (анын ичинде искусство жана шаар галереялары, кемечилик, медицина жана фармацевтика тарыхы ж. б.), театрлар («Шаушпильхаус» 1898; «Опернхаус» 1907), ири концерт залдары, филармониялар бар. Эл аралык музыка (1986; 2008-ж. орус музыкасына арналган) жана «Киль күндөрүнүн жаңы музыкалары» (2006; жыл сайын) фестивалдары өткөрүлүп турат. Киль – Европадагы парус спортунун ири борборлорунун бири. Килге жакын Мольфзе шаарында ачык асман астында Шлезвиг-Гольштейн музейи уюштурулган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Киль, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.