Кесме

Кесме – жука жайылган камырдан ичке кесилип, шорпого салына турган азык жана андан бышырылган ысык тамак.

Буудай унуна туз, кээде жумуртка кошулуп, катуу жуурулган камырды жакшылап ийлеп, ийи жеткенде саамга тыныктырып коёт. Андан кийин чактап үзүп алып, аш тактанын бетине үбөлүк жана тегиз жукартып жаят. Жайылган камыр жабышпасын үчүн ун сээп, үбөлүккө ороп, кат-кат бүктөйт да, ичке кесет. Кесмени силкип, супаранын бетине жайып, тоборсугандан кийин унун күбүп, кайнап жаткан сорпого салат. Ошондой эле кой (уй) этин бөртүп туурап, майга кууруп, коруш-татымалдарды кошуп, үстүнө керегинче суу куюп, кайнаган шорпого Кесме салынып жасалган суюк тамак да Кесме деп аталат. Сүткө бышырылса сүт Кесме, нак шорпого бышканы шортек Кесме, кымыз, сүт, айран же сүзмө кошулганы катыкталган Кесме, куурулганы куурма Кесме делет. Кесмени бууга да бышырса болот. Учурда технологиялык жол жана чыгарылган Кесменин түрү көбөйүүдө.

Кесме
Колго чоюп жасалган кытай кесмеси
Кесме
Кесме
Кесме
Тез даярдалуучу кесме

Кесменин түрлөрү

Буудай

Кхальгуксу (칼국수): бычак менен кесилген корей кесмеси

Ламянь (拉麵): колго чоюлган кытай кесмеси

Паста: катуу буудайдан жасалган италян кесмеси

Реште: ооган жана перс кесмеси

Удон: жоон япон кесмеси

Кара күрүч

Мак-гуксу: Түштүк Кореядагы Канвондо провинциясынын жергиликтүү өзгөчөлүгү

Соба: япон кара күрүч кесмеси

Пиццокери: италян кара күрүч тальятеллеси, көбүнчө эритилген сыр менен берилет

Дагы кара

Колдонулган адабияттар

Tags:

Кесме нин түрлөрүКесме Дагы караКесме Колдонулган адабияттарКесме

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Болмуш (философия)БаяндоочКаада-салтИсхак РаззаковИманалиев Элмирбек КалиловичЖер тобундагы планеталарСын атоочБишкекТериВенераКыргызстандагы корголуучу жайларФергана тоо тизмегиКыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшүPythonАксонометриялык проекцияларКыргызстанӨзбекстанКокон хандыгыКитепТишИбраев, ЭсенгулКыргызстандын чек араларыТаш-РабатКаныбекМидин Алыбаев“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясыКомузПроекцияҮчтүк союзАбдыкадыр ОрозбековМээМанас эпосуШарБаш мүчөМанасОмофондорКант диабетиМугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?Жаш манасчыларОй жүгүртүү«Көкөтөйдүн ашы»Суу, суутек оксидиКалька лексикологиядаКеп маданиятыАргентинаТүргөш кагандыгыКылым карытар бир күнКлеткаӨзгөчө кырдаалКесип тандоого таасир тийгизген көрүнүштөрАмерика Кошмо ШтаттарыЖер-суу реформаларыЖыйырма сегиз панфиловчуларАвстралияКүнБөйрөк оорусуЭмчектеги балаКыргызстандагы коло дооруГүлОмор СултановЖүрөкУкук бузууЖеңиш КүнүДинКыргызстандагы жаныбарларУуланууСолтоноев Белек Солтонкелди уулуКыргыз Республикасынын Куралдуу КүчтөрүБоз үйДем алуу системасыКүрөшКөп маанилүү сөздөрЧечендик өнөрКыргыз философиясыКызамыкСаруу (уруу)Бир тутумдуу сүйлөмАсанкан Жумакматов🡆 More