Кариб деңизинин каракчылары: Таң калычтуу жээктерде (англ. Pirates of the Caribbean: On Stranger Tides, орус.
Бул сериядагы Гор Вербински режиссерлук кылбаган алгачкы тасма. Анын ордуна Роб Маршалл келген. Тасма Тим Пауерстин "Таң калычтуу жээктерде" романына үстүртөн негизделип тартылган. Карасакалга (Иэн Макшэйн) каршы Капитан Жэк Таранчы (Жонни Депп) менен Анжелика (Пенелопа Круз) биригип алышып, жаштык булагын чогуу издешет. Тасма Walt Disney Pictures компаниясы тарабынан тартылып, АКШда көрүүчүлөргө 2011-жылдын 20-майында сунушталган.
Тасма тартууда 2009-жылдагы Аватар фильмине колдонулган 3D камераларга окшош түзмөктөр пайдаланылган. Кинонун визуалдык эффекттерине он компания салым кошкон. Кинотасманын тартылышына өтө ашыкча каражат сарпталгандыктан ал учурда эң кымбат фильм болуп саналат.
"Таң калычтуу жээктерде" чыгаары менен көптөгөн кассалык жыйымдар боюнча рекорд койгон. Инфляцияны эсепке албаганда, жалпы жонунан эң көп киреше алып келген дүйнө жүзүндөгү кинотасмалардын ичинен 22-орунда турат. Киносынчылардын пикири бир беткей болгон эмес. Сценарий, режиссердук иш, өтө ашыкчалык жана оригиналдуулуктун жетишсиздиги боюнча сынга кабылса, актердук чеберчилик, окуялардын өнүгүшү, музыка, визуалдык эффекттер жана мөөнөтү (алгачкы эки тасмага караганда бир топ кыска) боюнча оң бааларды алган. Уландысы болгон "Маркумдар жомок айтпайт" 2017-жылдын 26-майында көрүүчүлөргө сунушталган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кариб деңизинин каракчылары: Таң калычтуу жээктерде, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.