Тасма 2009 Аватар

«Аватар» (англ. Avatar, ЭФА: ) — 2009-жылы тартылган американын илимий фаниастикалык тасмасы.Сценарийи жана режиссёру Жеймс Кэмерон.

Тасма 2009 Аватар
Аватар
Avatar
Тасма 2009 Аватар
Аватар (англ. Avatar) тасмасынын постери
Жанры

илимий фантастика
экшен
драма
шумдуктуу

Режиссёру

Жеймс Кэмерон

Продюсери

Жеймс Кэмерон
Жон Ландау

Сценарийдин
автору

Жеймс Кэмерон

Башкы ролдордо

Сэм Уортиңтон
Зои Салдана
Сигурни Уивер
Стивен Лэнг
Мишел Родригес
Жованни Рибизи
Жоэл Мур

Оператору

Мауро Фиоре

Композитору

Анжело Бадаламенти
Жон Кейл
Брайан Ино

Кинокомпания

Америка Кошмо Штаттары Lightstorm Entertainment
Америка Кошмо Штаттары 20th Century Fox
Америка Кошмо Штаттары Dune Entertainment
Улуу Британия Ingenious Film Partners

Узактыгы

театрдык нускасы:
162 мүнөт.
режиссёрдук нуска:
171 мүнөт.

Бюджети

237 млн. доллар
+ 9 млн доллар (кайталанган сатыктан)

Кирешеси

&&&&&02787965087.&&&&&02 787 965 087 доллар

Өлкө

Тасма 2009 Аватар АКШ

Тили

Англисче

Жылы

2009

Кийинки тасма

Аватар: Суу жолу

IMDb

ID 0499549

Мазмуну

2154-жыл. Мурунку моряк Жейк Салли кырсыкка кабылып, баса албаган майыпка айланат. Ал эми анын эгизи илим менен алек болуп, өзгөчө минералды табуу үчүн Пандора планетасына сапарга чыгуу алдында турган. Бирок сапарга чыгардын алдында капысынан каза болуп калып, окумуштуу бир тууганынын ордуна Жейкти учуруу зарылдыгы келип чыгат. Анткени аватар программасын генетикалык жактан жакын адамы гана башкара алмак. Жаңы аватарды түзгөнгө акча да, убакыт да жок болот. Ошентип, илимден эч кандай түшүнүгү жок майып экенине карабай, бөтөн планетага Жейкти жөнөтүшөт. Жейк болсо бутуна операция жасатып, кайра басууга акча табуу максатында макулдугун берет. Ошентип, Жейк Пандорада жашап, ал жактагы сырдуу жашоону өздөштүрө баштайт. Күндөрдүн биринде кезектеги изилдөө учурунда изилдөөчүлөргө жырткыч жаныбарлар кол салып, аскерлер Жейкти жалгыз таштап кетүүгө мажбур болушат. Жейктин жапайы токойдо аман калуу мүмкүнчүлүгү миллиондон бирөө болсо да, ал жалгыз мүмкүнчүлүгүн пайдалана алат. Тактап айтканда, аны нави уруусунун башчысынын кызы Нейтири куткарып калат. Экөөнүн жолугушуусу аягында сүйүү менен аяктайт. Ал эми Жерден келген экспедиция Пандоранын жашоочуларын жашаган жеринен күч менен кууп чыккылары келет. Анткени алар мекендеген жерде баалуу минералдар бар болот. Өзүн навилердин бири катары сезген Жейк кийин Пандора планетасынын коргоочусуна айланат. Натыйжада согуш чыгып, аягында, албетте, адилеттүүлүк келип чыгат. Жерден издеген бактысын Пандорадан тапкан Жейк түбөлүккө жердеги жашоосу менен коштошот.

Каармандарда

Адамдар

Актёр Роль
Сэм Уортингтон Жейк Салли Жейк Салли
Сигурни Уивер Грэйс Огустин доктор Грэйс Огустин «Аватар» программасынын башчысы
Стивен Лэнг Майлз Куоритч полковник Майлз Куоритч
Мишел Родригес Труди Чакон учкуч Труди Чакон
Жованни Рибизи Паркер Селфриж администратор Паркер Селфриж
Жоэл Мур Норм Спеллман илимпоз Норм Спеллман
Дилип Рао Макс Пател доктор Макс Пател

На’ви

Актёр Роль
Зои Салдана Нейтири Нейтири
Си Си Эйч Паундер Мо’ат Мо’ат Оматикай тең лидери жана Нейтиринин апасы
Лаз Алонсо Тсу’тей Тсу’тей Оматикай согушкери
Уэс Стюди Эйтукан Эйтукан Оматикай башчысы жана Нейтиринин атасы
Питер Менса Аквей Аквей
Тасма 2009 Аватар 
Тасма 2009 Аватар 
Тасма 2009 Аватар 
Тасма 2009 Аватар 
«Аватардын» актёрдук курамы солдон оңго: Сэм Уортингтон, Зои Салдана, Сигурни Уивер, Стивен Лэнг
Тасма 2009 Аватар 
Тасма 2009 Аватар 
Тасма 2009 Аватар 
Тасма 2009 Аватар 
«Аватардын» актёрдук курамы солдон оңго: Мишел Родригес, Жованни Рибизи, Жоэл Мур, Си Си Эйч Паундер жана Лаз Алонсо

Тасманын тартылышы

«Аватар» тасмасы жогорку компьютердик технология менен мыкты актёрлук, режиссёрлук эмгек жуурулушкан бирден бир тасма. «Жаңы компьютердик дүйнөнү ачканы үчүн бул тасма кинематографияда революция жасады десек болот» дешет киносынчылар. Кэмерон буга чейин компьютердик технологияны «Терминатор-2де» жана «Титаник» тасмасында ийгиликтүү пайдаланса, «Аватар» тасмасында бул ыкманы укмуштай профессионалдуулук менен колдонгон. Тасманын 40 пайызын кадимки кино тарткандай тартышса, 60 пайызына компьютердик графиканын жардамын колдонушкан. Тасмада ар бир эпизодду туш тарабынан 197 камера тарткан.

Бала чагынан Пол Андерсендин фантастикалык чыгармаларын сүйүп окуган Кэмерон башка планетадагы жашоону тартууну кыялданып келген. Тасманын алгачкы сценарийи 1994-жылы жазылган. Бирок ошондо 144 беттен турган бул сценарийди тартып баштоо убагы келе элек болгон. Анткени ал кездеги компьютердик технология өнүгө элек мезгине дал келет. Ошентип, тасма тартууну 2006-жылы баштап, тасманы «Долбоор-880» деп атайт. Арадан 3 жыл өткөндөн кийин Кэмерондун кыялы ишке ашып, бүт өмүргө барабар болгон «Аватар» тасмасы 2009-жылы жарык көргөн.

Тасманын философиясы

Ар бир тасмадай эле «Аватардын» да философиясы бар. Жердеги жашоодон эч нерсе таппай кеткен Жейк өзүнүн жашоодогу максатын, сүйүүсүн Пандорадан табат. Режиссёр Жеймс Кэмерон: «Пандорадагы жашоону ушунчалык сыйкырдуу кылып тартууну максат кылдым. Анткени кинону көргөн соң адамдар «биз өзүбүз жашаган дүйнөбүздү эмне кылып алдык?» деген суроону өздөрүнө берсе деп максат кылгам. Анткени башаламандык ээлеген биздин чөйрөбүздөн адамдар өзүн-өзү таба албай келет»,- деп айткан. Ошондой эле тасмада акырындык менен адамзат өзү жасаган дүйнөнү өзү жок кылып коёру кыйыр эскертилген.

Эскертмелер

Шилтемелер

Калып:Жеймс Кэмерондун тасмалары

Tags:

Тасма 2009 Аватар МазмунуТасма 2009 Аватар КаармандардаТасма 2009 Аватар Тасманын тартылышыТасма 2009 Аватар Тасманын философиясыТасма 2009 Аватар ЭскертмелерТасма 2009 Аватар ШилтемелерТасма 2009 Аватар2009АКШАнглис тили

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Куйручук (Кудайберген Өмүрзак уулу)АтоочтукСүйлөм мүчөлөрүТишИталияБиосфераСөзПсихологияПризмаТике сөзЭтишАлмамбетПродуценттерКыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетиТүркияЖусуп АбдрахмановТамак сиңирүү системасыТажикстанРоботАба транспортуОкутуу ыкмаларыАбай КунанбаевЖүрүм-турумЖемиштерАпрель революциясыСвейлерСын атоочИбраев, ЭсенгулБоорАнатай ӨмүркановМоголстанДем алууБелокКалкынын саны боюнча мамлекеттердин тизмесиБакайКыргызстан Түрк кагандыктарынын курамындаСоветтер Союзунун баатырларыВикипедияМолекулалык биологияОрфографияГапаров МурзаФранцияСезүү мүчөлөрүКыргызстандагы металлдарБөйрөкПрозаКыргыз аттарыКокон хандыгынын мезгилиндеги Кыргызстандын социалдык - экономикалык абалыКыргыз улуттук оюндарыСуу, суутек оксидиУсубалиев Турдакун УсубалиевичКыдыр аке, Байсары уулуУулуу өсүмдүктөрКанадаКан группаларыМексикаСолтоноев Белек Солтонкелди уулуОрто кылымдарКөзкамандарАтама сүйлөмВирусТемирМаданий өсүмдүкОш мамлекеттик университетиАйлана чөйрөнү коргооДабан мамлекетиДинамика (механикада)Негиз (химия)Ак канТоктогул СатылгановКыргызстан тарыхыВольфганг Амадей МоцартКыргыз киносуКараханийлер мамлекетиТок булагы🡆 More