Ришелье Арман Жан дю Плесси (Armand-Jean du Plessis, duc de Richelieu; 5.
9. 1585, Франция, Париж – 4. 12. 1642, ошол эле жер) – Франциянын мамлекеттик ишмери, абсолютизмдин көрүнүктүү өкүлү. 1622-жылдан кардинал. 1624–42-жылдары Людовик ХIIIнүн биринчи министри, Франциянын иш жүзүндөгү башкаруучусу. Абсолютизмдин чыңдалышына шарт түзгөн. Гугенотторду саясий укуктан ажыраткан; административдик, финансы, аскердик реформаларды ишке ашырган; феодалдык козголоңдорду, элдик көтөрүлүштөрдү баскан, өлкөнү борборлоштурууну тездеткен. Тышкы саясатында Габсбургдардын Европадагы үстөмдүгүнө каршы чыккан. Ал соода менен мануфактураны, маданиятты өнүктүрүп, Француз академиясын негиздеген.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кардинал Ришелье, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.